Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 4- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 22-августу № 4-1
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Түлкү-Дөбө бөлүмүндөгү №26 контурундагы “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативи ишке ашырып жаткан мөмө-жемиштерди сактоо калибровкалоо, сорттоо жана кайра иштетүү боюнча долбоорунун алкагында айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү цех куруу үчүн тиешелүү 0,19 га жер аянтына жерди “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Байыш айылынын тургуну Р. А. Маматовдун 2023-жылдын 10-августундагы “Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Түлкү-Дөбө бөлүмүндөгү №26 контурундагы “Ноокат алмасы” айыл чарба багбанчылык кооперативи ишке ашырып жаткан мөмө-жемиштерди сактоо калибровкалоо, сорттоо жана кайра иштетүү боюнча долбоорунун алкагында айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү цех куруу үчүн тиешелүү 0,19 га жер аянтына жерди “ Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) тууралуу арызына негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “КЫРГЫЗМАМЖЕРДОЛБООР” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 2023-жылдын 31-майындагы №М-458 корутундусуна, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын комиссиясынын 2023-жылдын 5-июлдагы корутундусуна, Айылдык кеңештин «айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиянын» протоколуна карап, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Жобого ылайык макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мекемелерден юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |