Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 4- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 22-августу № 4-3
“Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кожоке орто мектебинин аймагына Кожоке баатырдын эстелигин орнотууга макулдук берүү ” жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кожоке айылынын жалпы элдик чогулушунун 2023-жылдын 21-август № 1 протоколунун негизинде, Кожоке орто мектебинин аймагына Кожоке баатырдын эстелигин орнотууга макулдук берүү боюнча Кожоке айылынын тургундарынын арызын карап чыгып, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, жер Кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылындагы Кожоке атындагы орто мектебине Кожоке баатырдын эстелигин орнотууга макулдук берилсин.
2. Кожоке атындагы орто мектебинин аймагынан жер тилкесин тактап, көрсөтүп, тийиштүү мекемелерден иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдап, ажыратып берүү жагы Н. Исанов айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Ташиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |