Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-июлу № 5.4/10
Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө.
Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын кайрылуусун канаттандыруу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдин көйгөйүн чечиш үчүн Сурма-Таш мамлекеттик коругунун статусун Сурма-Таш жаратылыш паркына же Сурма-Таш Заказнигине өткөрүү зарыл деп белгиленсин;
2. Сурма-Таш мамлекеттик коругунун очогунан сырткары Чолок-Кайын, Шыпы, Миң-Жылкы, Бор-Албас, Бебет, Кичи-Бебет, жана Теңизбай жайлоолору жайыт катары элге кайтаруу жагы суралсын;
3. Токтомдун аткарылышы Майдан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;
4. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарияланып мамлекеттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнотүлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Насиров |