Редакцияот 22.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 4- отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 22-августу № 4-4

Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар, Кожоке айылдарындагы көчөнүн атын өзгөртүү жана аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндө

Жаңы-Базар айылындагы аты жок 3 көчөгө С.Паизов, Ш.Осмоналиев, М.Исабаевдердин атын коюу боюнча, Кожоке айылындагы Жаштар көчөсүнүн атын Сулайманов Асандын атына өзгөртүү жөнүндө депутаттар Н.Ташбаев , Г.Абдиеванын билдирүүлөрүнө жана айыл тургундарынын кайрылууларына негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н Исанов атындагы айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы Н. Исанов көчөсүнүн Алике айылынын тургундарынын үлүш жери бүткөндөн кийин, түндүк тарабындагы биринчи көчө Мамбеттин үйүнөн Жунусов Уландын үйүнө чейин С. Паизовдун атына, андан кийинки экинчи көчө Ажимуратов Амалдын үйүнөн Тажиев Жамшиттин үйүнө чейин Ш. Осмоналиевдин атына үчүнчү көчө Тажиев Жамшиттин үйүнөн Исабаев Абдикеримдин үйүнө чейин М. Исабаев атына коюу жөнүндө депутат Н.Ташбаев билдирүүсү, Кожоке айылынын Жаштар көчөсүн Исаев Таштанбектин үйүнөн Калмурзаев Өсөрбайдын үйүнө чейин Сулайманов Асандын атына өзгөртүп атын коюу жөнүндө, депутат Г.Абдиеванын билдирүүсү жана айыл тургундарынын кайрылуулары канаатандырылсын.

 

2. Жаңы-Базар айылындагы аты жок үч көчөсүнө М.Исабаев, С.Паизов, Ш.Осмоналиевдердин аты жана Кожоке айылынын Жаштар көчөсүн атын өзгөртүп Сулайманов Асандын аты ыйгарылсын. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан тийиштүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн Жер боюнча башкы адиси М.Маликовго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл» чарба жана жерге жайгаштыруу,экология боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жолдошов