МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 7.3/3
«Кадамжай Майнинг» ЖЧКнун кайрылуусу жөнүндө
«Кадамжай Майнинг» ЖЧКсынын №7116 СЕ сандуу лицензиясынын жана эксперттик корутундуларынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28- беренесине ылайык техникалык долбоорлорунда көрсөтүлгөн жер тилкесин берүү максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Кадамжай Майнинг» ЖЧКсынын №7116 СЕ сандуу лицензиясынын жана эксперттик корутундуларыныны негизинде техникалык добоорлорунда көрсөтүлгөн 29,86 га жер аянты лицензиялык мөөнөтүнө убактылуу пайдаланууга берилсин;
- Ушул токтомдун негизинде «Кадамжай Майнинг» ЖЧКсы менен келишим түзүп тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн;
- Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Насиров |