МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 7.3/4
«Сай Нур Групп» ЖЧКнун кайрылуусу жөнүндө
«Сай Нур Групп» ЖЧКсынын № 7545 СЕ сандуу лицензиясынын жана лицензиялык макулдашуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28- беренесине ылайык суралган жер тилкесин берүү максатында Майдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Сай Нур Групп” ЖЧКсынын № 7545 СЕ лицензиясына жана лицензиялык макулдашуусуна ылайык, лицензияылык площадынан, “Бел Алма Сай” участкасынан 27-га жер аянты убактылуу пайдаланууга мыйзам чегинде берилсин;
- Ушул токтомдун негизинде «Сай Нур Групп» ЖЧКсы менен келишим түзүп тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Майдан айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн;
- Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.Насиров |