Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 4- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 22-августу № 4-5
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну Р. Карабаевге «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну, көп жылдык мамлекеттик кызматтын ардагери Р. Карабаевге Ноокат районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө айыл башчы С. Рахмановдун билдирүүсүнө негиз, Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Чеч-Дөбө айылынын тургуну, көп жылдык мамлекеттик кызматтын ээси, Р. Карабаевдин көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана элге сиңген кадыр-баркын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамына негиз, Ноокат районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ноокат районунун «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу үчүн керектүү документтерди даярдап, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин социалдык –маданий, билим берүү, миграция, туризм,жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Эргешовага жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |