Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 4- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 22-августу № 4-6
Күңгөй-Кожоке айылынын төш участкасындагы таза суу кампасы жайгашкан 0,30га жерин мыйзамдаштыруу жөнүндө
Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй-Кожоке айылынын төш участкасына союз убагында курулган суу кампасы жайгашкан 0,30га жердин тийиштүү иш кагаздары буга чейин даярдалбагандыгына байланыштуу депутат М.Кудайбердиев билдирүүсүнө, Н.Исанов айыл өкмөтүнүн 21.08.2023-жыл №01-19/856 сандуу катына негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу Күңгөй-Кожоке айылынын төш участкасына союз убагында курулган суу кампасы жайгашкан 0,30га жерди жайыт категориясынан тийиштүү категорияга өзгөртүлүүсүнө макулдук берилсин. Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү боюнча Ноокат райондук жер комиссиясына сунушталсын.
2. Жер тилкеси максаттуу багыты өзгөртүлгөн соң, муниципиалдык менчике алынып, тийиштүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына, жер боюнча башкы адиске милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба жана жерге жайгаштыруу туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Ташиевга жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |