Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 3-октябры № 5-1

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөтү 2023-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде лицензия салыгына 2189,0 миң сом, кыймылсыз мүлк салыгына 30,0 миң сом пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарын жана жер салыгына республикалык бюджеттен келген 750,0 миң сом компенсацияны тиешелүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115- беренелеринин негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө 9 ай ичинде пландан ашыкча аткарылган жана жер салыгына республикалык бюджеттен компенсацияга келген 2969,0 миң сом акча каражатын № 1 тиркеменин негизинде планга киргизилип, чыгымдоого макулдук берилсин.

 

2. Жогорудагы бөлүнгөн 2969,0 миң сом акча каражатын планга киргизип иштетүү жагы айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Н. Жолдошов.

 

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин

8-чакырылышынын кезектеги 5-отурумунун

№ 5-1- токтомуна № 1 тиркеме

 

2023-жылдын бюджетине 9 айында кошумча түшкөн акча каражатын

планга киргизүү боюнча

 

№

Элемент

Кирешенин аталыштары

9 айда кошумча

түшкөн сумма

1

11311200

Кыймылсыз мүлк салыгы

30,0

2

11321200

Максаттуу грант (жер салыгынан)

750,0

4

14151200

Лицензия салыгы

2189,0

 

 

Жалпысы

2969,0

 

 

 

Чыгымдоо боюнча

 

 

 

№

 

Бөлүм

 

Жумуштун аталышы

Берене

Бөлүнгөн

сумма

1

70111

Аппарат кызматкерлерине эмеректерди

алууга

3112

87,0

2

70491

Жолдогу камералардын интернет акысына

2212

69,6

3

70491

Кожоке айылындагы социалдык обьектини

оңдоого

2221

105,0

4

70629

Федоров айылындагы социалдык обьекти

оңдоого

3111

105,0

5

70629

Өрт өчүрүүчүлөргө имарат курууга

3111

2468,4

6

70629

Чеч-Дөбө айылынын ички арыгына лоток

алууга

3111

105,0

7

70921

Байыш орто мектебинин жылытуу

системасын оңдоого

3111

29,0

 

 

 Жалпысы

 

2969,0

 

Жооптуу катчы:

М. Маматов