Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 3-октябры № 5-5
“Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын мамлекетти жана демократиялуу коомду, элдин биримдигин коргоп чыңоодогу, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциялын арттыруудагы салымын, элдин алдындагы коомдук гуманитарлык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүндө сиңирген эмгегин таануу менен Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Чеч-Дөбө айылынын депутаты Ж. Нурмаматовдун ”Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу сунушуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Чеч-Дөбө айылынын депутаты Ж. Нурмаматовдун сунушуна негиз, ”Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө” Жобону бекитүү колго алынсын.
2. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын мамлекетти жана демократиялуу коомду , элдин биримдигин коргоп чыңоодогу, өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциялын арттыруудагы салымын, элдин алдындагы коомдук гуманитарлык, кайрымдуулук жана башка иштердин түрүндө сиңирген эмгегин таануу менен , ”Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө” Жобого негиз, иш жүзүнө ашырылсын. Жобо тиркелет.
3. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын ”Ардактуу атуул” наамын берүү үчүн керектүү документтерин даярдап тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «социалдык-маданий, билим берүү, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |