Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 3-октябры № 5-6
Жаңы-Базар айылынын борборундагы 6500 чарчы метр жер тилкедеги “Жаңы-Базар” мечитинин ичинен 350 м2 жер тикесине жаңыдан заманбап мечит курууга макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Жаңы-Базар айылынын борборундагы 6500 чарчы метр жер тилкедеги “Жаңы-Базар” мечитинин ичинен 350 м2 жер тикесине жаңыдан заманбап мечит куруу жөнүндө А. Таникуловдун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жаңы-Базар айылынын борборундагы 6500 чарчы метр жер тилкесиндеги “Жаңы-Базар” мечитинин аймагынын ичинен 350 м2 жерге жаңыдан заманбап мечит курууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Базар айылынын борборундагы 6500 чарчы метр жер тилкесиндеги “Жаңы-Базар” мечитинин ичинен жаңыдан заманбап мечит куруу үчүн берилген 350 м2 жер тикесине юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, “Жер ресурстары” кызматынын Ноокат филиалынан каттоого алуу айыл өкмөтү тарабынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |