Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 3-октябры № 5-9

Кожоке айылынын М. Кармышаков атындагы көчөнү жарыктандыруу, жолун оңдоо жөнүндө

Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Кожоке айылындагы М. Кармышаков атындагы көчөнүн жолун оңдоп, жарыктандыруу жөнүндө Жер боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 2-октябрындагы протоколуна жана элдик жыйындын сунушуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 27,51-беренесине ылайык, Кожоке айылынын М. Кармышаков атындагы көчөнү жарыктандыруу, жолун оңдоо жөнүндө Жер боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 2-октябрындагы протоколуна жана элдик жыйындын сунушуна ылайык, макулдук берилсин.

 

2. Кожоке айылынын М. Кармышаков атындагы көчөнү жарыктандыруу, жолун оңдоо боюнча долбоордук сметасын түзүп, тиешелүү мекемелерден юридикалык иш кагаздарын алып, АПЗ, ИПЗ даярдоо үчүн Ноокат шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан , каттоого алуу жагы “Жер ресурстар” кызматынын Ноокат филиалынын башкармалыгынан айыл өкмөтү тарабынан суралсын.

 

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Жолдошов