Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 525
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кыйыр салыктар маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324, 327-329, 336, 345-беренелерине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товарлардын импортуна кошумча нарк салыгын шарттуу эсептөө режимин колдонуу тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
- 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө - КНСти төлөө тартиби, ага ылайык салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо эсептелген КНСтин суммасын киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагынан бул товарларды андан ары экспорттоо шарты менен Казыналык системасында ачылган депозиттик эсепке киргизүүгө же бюджетке төлөөгө милдеттүү;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- үчүнчү абзацта "1-апрелинен" деген сөздөр "1-июнунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2403 товардык позициясында классификациялануучу түтүктүү, тартуучу, жыттоочу, кальяндуу тамеки (тамеки продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары колдонулган тамекиден тышкары);
- 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 жана 3811210000 товардык позициясында классификациялануучу майлоочу майлар, башка майлар, битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн (ТЭИ ТН коду 220430 жүзүм суслосунан тышкары) акциздик товарлар жана ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позициясында классификациялануучу майлоочу майлар, башка майлар, битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн (ТЭИ ТН коду 220430 жүзүм суслосунан тышкары) акциздик товарлар жана ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позициясында классификациялануучу майлоочу майлар, башка майлар, битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошумдар акциздик жыйым маркалары менен маркаланууга тийиш. Түрлөр, аталыштар жана сыйымдуулук (алкоголдук ичимдиктер жана суу, анын ичинде канттын же башка таттуулагыч же даамдуу-ароматтык заттардын кошулмалары камтылган минералдык жана газдалган суулар үчүн) боюнча акциздик продукцияны маркалоо салык кызматынын органынын акциздик маркаларды берүү тууралуу чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилүүчү айрым акциздик товарларга акциз салыгынын ставкаларында:
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
12 | ТЭИТН 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500, 271019290 товардык позицияларда классификациялануучу кышкы дизель отунунан тышкары, мотордук, атайын бензиндер, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар | 5000 сом/тонна |
".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 178 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126, 326-329-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүүнү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө жобо";
- 13, 14-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Импортко КНС боюнча милдеттенмени төлөөнүн эсебине, салыктардын башка түрлөрү боюнча салыктык карызды төлөөнүн эсебине КНСтин жана салык агенти тарабынан кармалуучу КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана кайтаруу, ошондой эле КНСтин ашып кеткен суммасынын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү үчүн банктык эсепке кайтарып берүү жөнүндө салык органына арыз берген учурда, КНС төлөөчү төмөнкүнү кошо алганда, документтердин өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү:
1) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишим же контракт;
2) товардык-материалдык баалуулуктардын, даяр продукциянын калдыктарынын реестри жана сатып алуунун эсебинен КНСтин ашып кеткен суммасы пайда болгон негизги каражаттардын балансында негизги каражаттарды эсепке алуу ведомосту;
3) сатып алынган материалдык ресурстар үчүн жеткирүүчүлөргө акы төлөө фактысын ырастоочу төлөм документтери;
4) сатып алынган материалдык ресурстар жана КНСтин суммасы үчүн жеткирүүчүлөргө акы төлөө же накталай түрдө (товар, жумуш же кызмат көрсөтүү менен) төлөө фактысын ырастаган документтер жок болсо, төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш:
- салык органына арыз берилген датага карата КНС төлөөчү менен жеткирүүчүнүн ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысы;
- КНС төлөөчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, төлөмдөрдүн мөөнөттөрү жана ыкмалары жөнүндө келишимден же ага теңештирилген документтен көчүрмө;
5) эгерде, бул мезгил буга чейинки текшерүүдө камтылган болсо, анда КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтурууга жана кайтарып берүүгө арыз берилген мезгилди камтыган көчмө текшерүү актысы;
6) товарларды жүктөөдө тийиштүү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык таризделген транспорттук, товар коштоочу документтер, товарлардын эсеп-фактуралары (инвойс);
7) товарларды ташып келүүнү ырастоочу бажы декларациялары;
8) Кыргыз Республикасынын бажы органында импортко КНС төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери;
9) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктар төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери;
10) эл аралык авиаташууларды жүзөгө ашырууда:
- аэропорт кызматтарынын эсеп-фактуралары ("А" формасы);
- самолеттордун бир жолку тейленишин тастыктоо ("С" жана "D" формалары);
- эл аралык авиа коштомо кагаздары (аэрвейбил);
- учууга тапшырмалар;
- эл аралык рейстерге билеттерден түшкөн акча, коштоосуз багажды, почта жөнөтүүлөрүн, консулдук вализди ташууга авиа коштомо кагаздар (багаж ведомосту, лоодшит) жөнүндө отчеттор.
14. Товарларды экспорттоо учурунда КНС төлөөчүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтер ушул жобонун 4-тиркемесине ылайык берилет.";
- 24-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (мындан ары - КМШ) катышкан мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук жеткирүүлөрдө; салык төлөөчү берген маалыматтар салык органында болгон маалыматтарга дал келбестиги аныкталган учурда;";
- 25-пунктта:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча иш жүзүндө түзүлгөн салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү (алгачкы документтердин маалыматтарын) КНС төлөөчү тарабынан берилген салык отчетторунун маалыматтарын, анын ичинде салык кызматынын маалыматтык системасынын тиешелүү модулдарынан алынган маалыматтар менен салыштыруунун жыйынтыктары;";
он бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, КМШга катышкан мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына ушундай жеткирүүлөрдү ырастоо максатында ыйгарым укуктуу салык органы аркылуу жиберилген КНС төлөөчү тарабынан ишке ашырылган экспорттук жеткирүүлөр боюнча суроо-талап жиберилген учурда, суроо-талаптын жыйынтыктары.";
"а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) КМШга катышкан мамлекеттерге жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттук жеткирүүлөрдө салык төлөөчү берген маалыматтар салык органында болгон маалыматтарга шайкеш эместиги аныкталган учурда;";
- 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. КНС төлөөчү бир эле учурда төмөнкү шарттарды сактаган учурда КНСтен ашкан сумманы кайтарып жеткирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартибине укуктуу:
1) КНС төлөөчү жеткирүүлөрдү нөлдүк ставка боюнча жүзөгө ашырса жана бул жеткирүүлөрдүн жалпы наркы катары менен кеткен 6 айга барабар мезгил ичинде жеткирүүлөрдүн салык салынуучу жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмесин түзсө;
2) КНС төлөөчүнүн акыркы 12 календардык ай ичинде нөлдүк ставка боюнча салык салынуучу жеткирүүлөрүнүн наркы 40 миллион сомдон кем эмес болсо;
3) КНС төлөөчүнүн өздүк негизги каражаттарынын наркы 15 миллион сомдон кем эмес болсо.";
- 33-пунктта:
3, 4 жана 5-пунктчалар күчүн жоготту деп таанылсын;
7, 8-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагына экспорттук жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда салык кызматынын маалыматтык системасында товарларды ташып кирүү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган кыйыр салыктар төлөнгөн суммалары жөнүндө электрондук түрдөгү маалыматтын жоктугу жана/же алардын КНС төлөөчүнүн салык отчетунан айырмачылыгы;
8) КНС боюнча салык отчетторунун маалыматтарын жана/же электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын маалыматтарын талдоонун жыйынтыктары боюнча аныкталган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрү менен КНС төлөөчүнүн көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиги;";
- 36-пунктта "КНСтен ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералык текшерүү тууралуу" деген сөздөр "жөнөкөйлөтүлгөн тартип боюнча КНСти кайтаруудан жана/же ордун толтуруудан баш тартуу тууралуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 37, 37-1-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 4-тиркеме менен толукталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме "Кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын негиздүүлүгүн жана өлчөмүн камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби, кошумча нарк салыгынан ашкан сумманын ордун толтуруу жана кайтаруу тартиби жана товарлардын экспортун ырастоочу документтердин тизмеги жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Товарлардын экспортун ырастоочу документтердин ТИЗМЕГИ
Товарлардын экспортун ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана аларга тиркемелерди эске алуу менен, алардын негизинде товарларды экспорттоо жүзөгө ашырылуучу келишимдер (макулдашуулар);
2) аймагына товарлар импорттолуп жаткан Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттин салык органынын белгиси коюлган товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө электрондук түрдөгү, ЕАЭБге мүчө бир мамлекеттин аймагынан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттин аймагына товарларды экспорттоодо кыйыр салыктарды төлөө (салык милдеттенмелерин аткаруудан бошотуу же башка тартипте) жөнүндө кагаз жүзүндөгү арыздын көчүрмөсү;
3) товарларды алып өтүүнү ырастаган транспорттук жана товар коштоочу документтердин көчүрмөлөрү;
4) магистралдык өткөргүч түтүктөр системасы же электр берүү линиялары боюнча товарларды кабыл алуу-өткөрүү актысы;
5) экспорттолгон товарлар үчүн салык төлөөчүнүн кассасына же банктык эсептерине акчанын түшүүсүн ырастоочу документтер;
6) интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын интеллектуалдык менчик объектине болгон укугу, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекти экспорттолгон учурда анын наркы жөнүндө ырастоосу;
7) товарларды экспорттоого бажы декларациялары.".