Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу № 20-3
2024-жылдын бюджетинде бекитилген каражаттардан зарыл болгон чыгымдоо статьяларга жылдыруу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровдун, айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу төрагасы Э. Абдымаликовдун2024-жылдын бюджетинде бекитилген каражаттардан зарыл болгон чыгымдоо статьяларга жылдырып берүү жөнүндөгү берген билдирүүлөрүнүн негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын бюджетинде бекитилген айыл өкмөтүнүн аппаратынан туура эмес коюлуп калган статьялар башка статьяларга өзгөртүлсүн жана айыл өкмөтүнө тиешелүү ар бир мектеп, бала бакчаларга каралган акча каражаттар суммалары өзгөртүлбөстөн зарыл болгон чыгымдоо статьяларга жылдырылып берилсин;
2. Жогорудагы жылдырылган каражаттардын аткарылышын камсыздоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге тапшырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |