Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу № 20-5
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-2026-2027- жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т. АттокуровдунАт-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-2026-2027- жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитип берүү жөнүндөгүберген сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-2026-2027- жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
2025-жылга
-Жергиликтүү кирешелер -71845,6 миң сом;
-Теңдештирилиген грант-12782,3 миң сом;
-Жалпы киреше-84627,9 миң сом.
2026-жылга
-Жергиликтүү кирешелер -78806,8 миң сом;
-Теңдештирилиген грант-15782,3 миң сом;
-Жалпы киреше-94589,1 миң сом.
2027-жылга
-Жергиликтүү кирешелер -87440,6 миң сом;
-Теңдештирилиген грант-18782,3 миң сом;
-Жалпы киреше-106222,9 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровго тапшырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |