Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги
ХXV-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 120
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезектеги ХXV-сессиясы күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бир жылдык чыгымдарынын долбоорун бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап, Ийри-Суу айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат.
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга кирешеси 16174800 ( он алты миллион бир жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз ) сомго, чыгашасы 16174800 ( он алты миллион бир жүз жетимиш төрт миң сегиз жүз ) сомго бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Икрамовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы салык жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| А.Кыргызбаев |