Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-сентябры № 2329-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Жеңишбек Шермаматович Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын депутаттары Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына жана Тыналиев Айжигит Казакбаевич Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) 1-пунктчанын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-пунктчанын тогузунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 5-пунктчада:
- тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Токторбаев Жеңишбек Шермаматович - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
- төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Тыналиев Айжигит Казакбаевич - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
4) 6-пунктчанын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 7-пунктчанын он жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 8-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Н.Т. Шакиев |