Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 10-январы № 1803-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жамгырчиев Эмил Эриковичти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 26-декабрындагы № 08-02 сунуштамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 26-декабрындагы № 08-02 сунуштамасын, атайын депутаттык комиссиянын маалымдамасын (тиркелет) карап жана талкуулап, атайын депутаттык комиссиянын төрагасы А.Т.Эрбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 78-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын карап чыгуу боюнча атайын депутаттык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Эрбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиевди Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү жана 378-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушуна макулдук берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушу канааттандырылсын.
Төрага | Н.Т. Шакиев |