Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июлу № 79
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек, Каракол, Балыкчы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 30.06.2024-ж. № 6/1, № 6/2, № 6/3 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 9 - Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын 03.07.2024-ж. № 6 - Балыкчы шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 14 жана 01.07.2024-ж. № 15, № 16 - Токтогул шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, депутаттар каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 01.07.2024-ж. № 16 - Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 30.06.2024-ж. № 6/1, № 6/2, № 6/3 - Бишкек шаардык кеңеши боюнча.
- Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 10 - Каракол шаардык кеңеши боюнча;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 14 жана 01.07.2024-ж. № 15 - Токтогул шаардык кеңеши боюнча;
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек, Каракол, Балыкчы жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек, Каракол жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
4. Бишкек, Каракол жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 2-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 79 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Бишкек шаары | |||
1 | Бишкек шаардык | Алымбаева Элизавета Бердиевна (3) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 6/1, 30.06.2024-ж. (26.06.2024-ж. өз арызы) |
2 | Акунова Лира (6) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 6/2, 30.06.2024-ж. (26.06.2024-ж. өз арызы) | |
3 | Кенжебаева Светлана Козубаевна (9) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Бишкек АШК, № 6/3, 30.06.2024-ж. (26.06.2024-ж. өз арызы) | |
Жалал-Абад облусу | |||
Токтогул району | |||
Токтогул шаары | |||
4 | Токтогул шаардык | Кылданов Максат Сапарович (4) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, №14, 28.06.2024-ж. (28.06.2024-ж. өз арызы) |
5 | Шайлообеков Шахмурат Сыргакович (7) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Токтогул АШК, № 15, 01.07.2024-ж. (25.06.2024-ж. өз арызы) | |
6 | Жаңы-Жол айылдык (№ 3 Бала-Чычкан шайлоо округу) | Жондошов Айбек Токтоналиевич | Токтогул АШК, № 16, 01.07.2024-ж. (Токтогул райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 4-июнунда берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ070273452 күбөлүгү) |
Ысык-Көл облусу | |||
Балыкчы шаары | |||
7 | Балыкчы шаардык | Тыналиев Айжигит Казакбаевич (7) "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясы | Балыкчы АШК, № 6, 03.07.2024-ж. (01.07.2024-ж. өз арызы) |
Каракол шаары | |||
8 | Каракол шаардык | Абдыкеримова Уулча Сабыркуловна (12) "Эмгек" депутаттык фракциясы | Каракол АШК, № 9, 28.06.2024-ж. (20.06.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 79 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Бишкек шаары | ||||
1 | Бишкек шаардык | Исакова Аида Голубаевна (13) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер | Бишкек АШК, № 6/1, 30.06.2024-ж. |
2 | Октябрьина Айсулуу Бакытовна (17) "Эмгек" саясий партиясы | ОАО "Бакай Банк", HR-департаменттин директору | Бишкек АШК, № 6/2, 30.06.2024-ж. | |
3 | Жумагулова Махабат Сагыновна (20) "Эмгек" саясий партиясы | "Дордой-Молл" ЖЧКнын юристи | Бишкек АШК, № 6/3, 30.06.2024-ж. | |
Джалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
Токтогул шаары | ||||
4 | Токтогул шаардык | Жумаев Курсант Кыштообекович (11) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Т.Ормонов ат. мектеп директору | Токтогул АШК, № 14, 28.06.2024-ж. |
5 | Мамытов Махсадбек Сыргакович (13) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | Токтогул аймактык больница врач | Токтогул АШК, № 15, 01.07.2024-ж. | |
Ысык-Көл облусу | ||||
Каракол шаары | ||||
6 | Каракол шаардык | Акматова Кенжегул Мукановна (15) "Эмгек" саясий партиясы | Жеке ишкер | Каракол АШК, № 10, 28.06.2024-ж. |