Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-августу № 20-11
Ат-Башы айыл аймагынына Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИСтин) АИД-3КК долбоору аркылуу келген жабдууларды ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИСтин) 2024-жылдын 16-июлундагы чыгыш №05-595 сандуу катын угуп жана талкуулап, АИД-3КК долбоорунун алкагында тандалып алынган бизнес-өнөктөштөр менен ижара келишимин түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бизнес-өнөктөш Баймурзаева Салкынга Ак-Жар айылына АРИСтин АИД-3КК долбоору аркылуу “Сүттү кайра иштетүү” боюнча алынып келинген жабдууларды убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;
2. Бизнес-өнөктөш Чаршенаалы уулу Кутманга Ача-Кайынды айылына АРИСтин АИД-3КК долбоору аркылуу “Айыл чарба техникасын шаймандары менен алуу” боюнча алынып келинген айыл чарба техникасы шаймандары менен убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;
3. Бизнес-өнөктөш Алмакунов Максатка Ак-Жар айылына АРИСтин АИД-3КК долбоору аркылуу “Таштандыны кайра иштетип чыгууга жабдууларды алуу” боюнча алынып келинген жабдууларды убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Э. Толубаев |