Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 519
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын ишин тартипке келтирүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-жылдын 18-августуна карата абал боюнча мектеп-гимназияларда (гимназияларда-интернаттарда) жана мектеп-лицейлерде (лицей-интернаттарда) иштеген педагогикалык жана жетекчи кызматкерлерге аталган жалпы билим берүү уюмдарын аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын мөөнөтү колдонулган мезгилге ставкалардын жана кызматтык маяналардын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө 15 жана 20 пайызга жогору болуп сакталат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 "Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин тийиштүү окуу жылына карата штаттык расписаниеси жана тарифтик тизмеси билим берүү жана финансы башкармалыктарынын аймактык органдары менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча бекитилет деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-июнундагы № 295 "Жалпы билим берүү уюмдарында билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-августундагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 690 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 389 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 541 "Жалпы билим берүү уюму жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) эки айлык мөөнөттө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мектеп-гимназияларды (гимназияларды-интернаттарды) жана мектеп-лицейлерди (лицей-интернаттарды) жалпы билим берүү мектептерге (мектеп-интернаттарга), окутуу-тарбиялоо комплекстерине - мектеп-комплекстерине кайра атоо боюнча иштерди жүргүзсүн;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 18-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |