Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-сентябры № 552
2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иштин ролун жогорулатуу максатында, сот адилеттигин камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо процессине соттук-эксперттик иштин салымын белгилөө менен, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2024–2027-жылдарга Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик ишти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) 1-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – План) 2-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программанын бюджети 3-тиркемеге ылайык;
– Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын карасын.
3. Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат үчүн тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка тартылган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
– Мамлекеттик программаны жана Планды аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн;
– ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Мамлекеттик программаны жана Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
– ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Мамлекеттик программаны жана Планды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин;
– мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам менен корголуучу сырга киргизилген маалыматтарды кошпогондо, ишке ашыруунун даражасы жөнүндө тыянактарды камтыган Мамлекеттик программаны ишке ашыруу жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жыл сайын жайгаштырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 70 (3624) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |