Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279 , 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жалпы билим берүү уюмдарынын ишин регламенттөөчү билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.
Бул Жобо мамлекеттик/муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн типтүү жана жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн болжолдуу болуп саналат.
2. Жалпы билим берүү уюмдарына төмөнкүлөр кирет: жалпы билим берүү мектеби, мектеп комплекси, жатак мектеп, атайын мектеп, атайын жатак мектеп, атайын көмөкчү мектеп, атайын көмөкчү жатак мектеп, санаториялык жатак мектеп, кечки мектеп (кечки жана сменалык), сырттан окуу мектеби, онлайн мектеп, аз комплекттелген мектеп.
Бул Жобонун негизинде жалпы билим берүү уюмдарынын тиешелүү түрлөрү жөнүндө жоболор иштелет.
3. Бул Жободо негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде пайдаланылат:
1) жалпы билим берүү мектеби - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын, ошондой эле шарттар болгондо кошумча билим берүү программаларын да ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
2) жатак мектеп - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын жашоосу үчүн шарттар түзүлөт;
3) мектеп-комплекс - билим алуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында билим берүүнүн эки же андан ашык деңгээлиндеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
4) онлайн мектеп - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен билим алуучунун педагог менен түздөн-түз байланышы жок реалдуу убакыт режиминде жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
5) атайын мектеп - реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн модификацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана психологиялык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн жалпы билим берүү уюму;
6) атайын жатак мектеп - реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн модификацияланган программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана психологиялык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
7) атайын көмөкчү мектеп - жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүүнүн адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча жана тиешелүү материалдык-техникалык база болгон учурда билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузуулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
8) атайын көмөкчү жатак мектеби - жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүүнүн адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузуулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
9) санаториялык жатак мектеби - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын дарылоо-профилактикалык иш-чаралар менен айкалыштырып ишке ашыруучу, соматикалык оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык коштоо менен билим алуучулардын жашоосу үчүн шарттар түзүлөт;
10) аз комплекттелген мектеп - билим алуучулардын контингенти аз болгон жалпы билим берүү уюму, анда класстарды ар кандай курактагы комплект класстарга бириктирүү каралат;
11) кечки мектеп - жалпы негизги билим берүү программасын мурда өздөштүрбөгөн адамдар үчүн жалпы негизги билим берүү программасы боюнча күндүзгү-сырттан (кечки жана сменалык) окутуу формасы боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жалпы билим берүү уюму;
12) сырттан окуу мектеби - аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жалпы орто билим берүү программасы боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жалпы билим берүү уюму;
13) окуу планы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды изилдөө тартибин жана контролдоо формаларын регламенттөөчү документ;
14) жекече окуу планы - билим алуучунун өзгөчөлүктөрүн жана билим алуудагы муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;
15) модификацияланган программа - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен алар үчүн мазмунун олуттуу кайра иштеп чыгуусуз түзүмдүк өзгөрүүлөргө дуушар болгон жана зарыл учурда өнүгүүдөгү бузулууларды коррекциялоону жана аларды социалдык адаптациялоону камсыз кылуучу жалпы билим берүү программасы;
16) адаптацияланган программа - мазмунун кайра иштеп чыгуу менен жалпы билим берүү программасынын негизинде түзүлгөн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутуу үчүн адаптацияланган жана зарыл учурда билим берүү процессин жекелештирүү жана дифференциациялоо аркылуу өнүгүүдөгү бузулууларды коррекциялоону жана аларды социалдык адаптациялоону камсыз кылуучу билим берүү программасы;
17) билим берүү процессинде коштоо - билим алуучуну колдоо жана билим алуучунун оптималдуу өнүгүүгө жана ийгиликтүү социалдык интеграцияга жетүүсү үчүн билим алуудагы муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуучунун инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызматтарды түзүү;
18) атайын билим берүү - атайын же жалпы билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу;
19) ыйгарым укуктуу орган - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2-глава. Жалпы билим берүү уюмунун укуктук статусу
4. Жалпы орто билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана вариативдүүлүгүн камсыз кылуу, инсанды анын шыгына, жөндөмдүүлүгүнө жана ден соолугунун абалына жараша окутуу жана тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу билим берүү инфраструктурасын түзүү максатында, билим берүүнүн мазмунуна карата конкреттүү милдеттерге жана талаптарга жана бюджеттик каржылоонун шарттарына жараша менчиктин ар кандай түрлөрүндөгү жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдары түзүлүшү мүмкүн.
5. Жалпы билим берүү уюму юридикалык жак болуп саналат, уставы, алыш-бериш жана башка эсептери, мөөрү, штампы жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жана почталык дареги жазылган бланктары жана ага бекитилип берилген мүлкү бар.
6. Жалпы билим берүү уюму уюштуруучунун же ага ыйгарым укук берген органдын макулдугу менен юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө филиалдарды түзүшү жана өкүлчүлүктөрдү ачышы мүмкүн.
7. Жалпы билим берүү уюму түзүлгөндө билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ушул Жободо белгиленген учурларды кошпогондо, ал баштапкы - жалпы билим берүү мектеби статусуна ээ болот.
8. Билим алуучунун билим алуудагы муктаждыктарын эске алуу менен сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында, тийиштүү шарттар жана материалдык-техникалык камсыздоо болсо, жалпы билим берүү уюму онлайн-мектеп статусун ала алат.
9. Мамлекеттер аралык жалпы билим берүү уюмдарынын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат.
10. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү уставдын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жана ушул Жобонун ченемдерин эске алуу менен өзүнүн уставын иштеп чыгат. Жалпы билим берүү уюмунун уставын каттоо юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жалпы билим берүү уюму өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана өзүнүн уставын жетекчиликке алат.
11. Жалпы билим берүү уюму билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана келишимдин негизинде кесиптик уюмдарды жана бирикмелерди (педагогикалык ассоциацияларды, бирликтерди, окуу-методикалык бирикмелерди, башка кеңештерди жана уюмдарды) түзүүгө жана (же) алардын ишине катышууга укуктуу.
3-глава. Ишти уюштуруу
12. Жалпы билим берүү уюму үзгүлтүксүз билим берүү системасынын негизги звеносу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги билимди жана жалпы орто билимди алууга мамлекет тарабынан кепилденген укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
13. Жалпы билим берүү уюмунун иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) бардык жарандардын сапаттуу билим алуу укуктарынын бирдейлиги;
2) гуманизм жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгы;
3) жарандык жана патриотизм;
4) билим берүү процессинин системалуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
5) ден соолукту коргоону камсыз кылуу, билим алуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
6) окутуунун светтик мүнөзү;
7) академиялык эркиндик жана чынчылдык;
8) жоопкерчилик жана натыйжалуулук.
14. Жалпы билим берүү уюмунун негизги максаттары мамлекеттик билим берүү стандарттарын өздөштүрүүнүн жана турмуштук компетенцияларга жетишүүнүн негизинде билим алуучулардын инсандын жалпы маданиятын калыптандыруу, кесиптик билим берүү программаларын аң-сезимдүү тандоо жана андан ары өздөштүрүү үчүн негиздерди түзүү, жарандыкка, Ата Мекенди, адам укуктарын жана эркиндиктерин, үй-бүлөнү жана курчап турган жаратылышты урматтоого, толеранттуулукка, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо, ошондой эле сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу болуп саналат.
15. Жалпы билим берүү уюму билим алуучуну инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашырат, инсандын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү, анын ичинде өз алдынча билим алууга жана кошумча билим алууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
16. Жалпы билим берүү уюмунда билим берүү программалары төмөнкүдөй формаларда өздөштүрүлөт: күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки жана сменалык), сырттан окуу, экстернат, үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу, анын ичинде үйдө окутуу.
Билим алуучулардын дене бойлук жана психологиялык абалына, өзгөчө билим алуу муктаждыктарына жараша жалпы билим берүү программалары үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече билим берүү, анын ичинде үйдө окутуу формаларында өздөштүрүлүшү мүмкүн.
Мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында негизги жалпы билим берүү программаларын ийгиликтүү өздөштүргөн учурда билим алуучулар өз алдынча окутуу формасын - экстернатты пайдалана алышат.
Жалпы билим берүү уюму уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органы менен макулдашуу боюнча жалпы негизги билимди (6-9-класстарда) күндүзгү-сырттан (кечки жана сменалык) билим берүү түрүндө же жалпы орто билимди (10-11-класстарда) сырттан билим берүү түрүндө билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен, ал жашы жеткен учурда билим алуучунун өзү менен түзүлгөн келишимдин негизинде бере алат.
Күндүзгү-сырттан (кечки жана сменалык), сырттан билим берүү, экстернат формасында жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн шарттары жана тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан үйдө окутуу формасында аныкталат.
Конкреттүү негизги жалпы билим берүү программасынын алкагында билим алуунун бардык формалары үчүн бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарты колдонулат.
17. Өзгөчө абал режими, өзгөчө кырдаал же ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда, ошондой эле климаттык шарттар начарлаганда, карантиндик кырдаалдар болгондо жалпы билим берүү уюму аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутууну жарым-жартылай же толук көлөмдө уюштура алат. Ошол эле учурда жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жана башка кызматкерлерине эмгек акы төлөө толук көлөмдө жүзөгө ашырылат.
18. Жалпы билим берүү уюмундагы класстардын саны жарандардын берген арыздарынын санынан санитардык-гигиеналык талаптарга жана класстардын толушунун чектүү ченемине ылайык билим берүү процессин жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттардан көз каранды.
Жалпы билим берүү уюмунда комплект класстын толушу төмөнкүчө белгиленет: минималдуу ченем - 25 билим алуучу, айыл жериндеги мектептердеги чектүү ченем - 30 билим алуучу, шаар жериндеги мектептерде - 36 билим алуучу.
Жалпы билим берүү уюмун ачууда комплект класстардын толушунун минималдуу ченемдери эске алынууга тийиш.
Чек арага чектеш райондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча жетүүгө кыйындыгын эске алуу менен билим алуучулардын контингенти аз болгон жалпы билим берүү уюмдары (аз комплекттелген мектептер) ачылышы мүмкүн. Комплект класстарды ачуу, класстарды ар кандай курактагы комплект класстарга бириктирүү тиешелүү шарттар жана каражаттар болгондо билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Жалпы билим берүү уюму кабыл алуу үчүн берилген арыздардын санын эске алуу менен класстардын толушунун чектүү ченеминен жогору комплекттөөгө укуктуу. Класстардын толушунун чектүү ченеминен жогору комплект класстарды ачуу тиешелүү шарттар жана каражаттар болгондо билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Маданият жана искусство, коргоо, медицина жана спорт чөйрөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдарынын ишинин тартиби жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана уставы менен аныкталат.
19. Ыйгарым укуктуу орган окуу предметтеринин тизмегин белгилейт, аларды үйрөнүүдө классты чакан топторго бөлүү жүзөгө ашырылат.
20. Ийгиликтүү социалдаштыруу максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алуудагы жетишкендиктерин баалоонун негизинде кадимки класста окуй алышат. Болгон билим берүү муктаждыктарына жараша билим берүү процесси жалпы билим берүү, адаптацияланган же модификацияланган окутуу программасы боюнча жекече окуу планы боюнча жүзөгө ашырылат. Адаптацияланган жана модификацияланган программалардын макеттери, ошондой эле жекече окуу планын түзүүнүн методикасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү билим алуучулардын жалпы билим берүү программасын өздөштүрүүдө олуттуу кыйынчылыктар болгон учурда психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын же психологиялык-педагогикалык коштоо кызматынын сунуштамасынын негизинде жалпы билим берүү уюму билим берүү процессинде коштоону уюштуруу аркылуу билим алуучуларга билим берүү программаларын өздөштүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Жалпы билим берүү уюмунда класстын параллелинде психологиялык дене бойлук өнүгүүсүнүн бузулушуна байланыштуу окууда жана мектептик адаптацияда олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон 10дон ашык билим алуучу болсо жана билим берүү процессинде коштоону уюштуруу мүмкүндүгү жок болсо, билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын чечими менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте атайын коррекциялык (ресурстук) класстар ачылышы мүмкүн.
Психологиялык дене бойлук өнүгүүсү олуттуу бузулган балдар үчүн уюштуруучунун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте атайын мектептер (жатак мектептер) же атайын көмөкчү мектептер (жатак мектептер) ачылышы мүмкүн.
Айрым соматикалык оорулары бар балдардын ден соолугун чыңдоо жана дарылоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныктаган тартипте санаториялык жатак мектептер ачылышы мүмкүн. Санаториялык жатак мектептер жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын дарылоо-профилактикалык иш-чаралары менен айкалыштырып ишке ашырат.
21. Узак мөөнөттүү дарылоо жана социалдык күтүү мекемелериндеги балдар үчүн билим берүү процесси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жакынкы жалпы билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Жазаларды аткаруу тутумунун мекемелеринде жүргөн адамдар билим берүү жана кылмыш-жаза аткаруу иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте мектептик билим алууга укуктуу.
23. Билим алуучуларды акысыз медициналык тейлөө жалпы билим берүү уюмуна саламаттык сактоо органы тарабынан атайын бекитилген медициналык кызматкер тарабынан камсыз кылынат, ал жалпы билим берүү уюмунун администрациясы менен катар билим берүү процессин уюштурууда дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Жалпы билим берүү уюму билим алуучулардын ден соолугун чыңдоо, аларда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, оорулардын алдын алуу максатында ден соолукту сактоочу технологияларды киргизүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле ден соолукту чыңдоочу ар кандай иш-чараларды өткөрөт.
24. Жалпы билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
25. Жалпы билим берүү уюму жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү процессинин катышуучулары жөнүндө жеке маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
Билим алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуу ички пайдалануу үчүн гана жана жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Жалпы билим берүү уюму билим алуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу менен байланышкан жол-жоболорду анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырууга укуктуу.
Кызматтык абалынан улам жеке маалыматтар белгилүү болуп калган жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлери жеке маалыматтын купуялуулук режимин сактоо боюнча милдеттенмелерди жана жоопкерчиликти өзүнө алат.
251. Жайкы мектеп каникулдары мезгилинде жалпы билим берүү уюмдарынын маданий-эс алуу жана спорттук ишин жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо, ошондой эле медициналык тейлөөнү камсыз кылуу менен жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги лагерлер уюштурулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуу жана которуу
26. Жалпы билим берүү уюмдарынын кабыл алууда жынысы, улуту, тили, социалдык жана мүлктүк абалы боюнча чектөөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүн, дин тутуусун жана диний ынанымдарын чектөөлөргө жол берилбейт.
Мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарына окутулууга тийиш болгон бардык балдарды жана өспүрүмдөрдү кабыл алуу жүргүзүлөт, ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына жалпы билим берүү уюмуна бекитилген аймакта жашаган адамдар (билим алуучулар) биринчи кезектеги тартипте киргизилүүгө тийиш.
Жалпы билим берүү уюмуна балдарды кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмунун 1-классына балдарды кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте мектепке электрондук каттоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Эреже катары, кирүү курагы 6-7 жашты түзөт. Социалдык, психологиялык жана дене бойлук даярдыкты эске алуу менен 1-класска 5,5 жаштагы балдар кабыл алынышы мүмкүн.
Баланы 1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуудан негизсиз баш тартуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Жалпы билим берүү уюмуна кирүүдө балдарды аттестациялоого (тестирлөөгө) жол берилбейт.
28. Билим алуучуну бир жалпы билим берүү уюмунан экинчисине которууда кабыл алуучу жалпы билим берүү уюму тарабынан милдеттүү тартипте анын кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымкат (кагаз же Электрондук вариант) берилет. Мындай маалымкатты алганда жалпы билим берүү уюму билим алуучунун ата-энесине (мыйзамдуу өкүлүнө) кол койдуруу менен өздүк делонун түп нускасын берет. Өздүк делонун көчүрмөсү жалпы билим берүү уюмунун архивинде калат жана 75 жылдан кем эмес сакталат. Зарыл болгон учурда жалпы билим берүү уюму окуу учурунда жетишкендиктеринин табелин бере алат, ал жалпы билим берүү уюмунун директорунун жана директордун окуу иштери боюнча орун басарынын мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлөт.
Билим алуучу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурда жалпы билим берүү уюму ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) жазуу жүзүндө кайрылган учурдан тартып үч күндүн ичинде, бирок ал кеткенге чейин эки жумадан эрте эмес жана баланын кеткенин ырастаган документтерди тапшырганда ата-энесине (мыйзамдуу өкүлүнө) кол койдуруу менен өздүк делонун түп нускасын берет. Өздүк делонун көчүрмөсү, жазуу жүзүндөгү кайрылуу жана ага тиркелген документтер жалпы билим берүү уюмунун архивинде 75 жылдан кем эмес сакталат.
29. Жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө маалымкаттын жана билим алуучунун жетишкендиктеринин табелинин формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
30. Жүйөлүү себепсиз 45 жана андан ашык окуу күнүн калтырган билим алуучуларга педагогикалык кеңеш кийинки окуу жылында кайталап окууну сунуш кылышы мүмкүн.
31. Жалпы билим берүү уюму тарабынан билим алуучуларды класстан класска которуу, билим алуучуларга орто аралык (которуу экзамендерин) жана жыйынтыктоочу аттестация өткөрүү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
32. Билим алуучуларды атайын мектептерге жана атайын жатак мектептерге, атайын көмөкчү мектептерге жана атайын көмөкчү жатак мектептерге кабыл алуу, аларды бир түрдөн экинчи түргө которуу билим берүү системасынын психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларынын корутундусунун негизинде ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча жүргүзүлөт.
33. Билим алуучуларды атайын коррекциялык (ресурстук) класстарга кабыл алуу (которуу) алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу жана психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу боюнча жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Атайын коррекциялык (ресурстук) класстар билим берүү процессин жалпы башталгыч билим берүү программасы боюнча жүзөгө ашырат. Программаны өздөштүрүү мөөнөтү жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча бир окуу жылына узартылышы мүмкүн. Башталгыч жалпы билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүүдө билим алуучулар мектептеги билим берүүнүн II баскычына которулат. Жалпы башталгыч билим берүү программасын толук өздөштүрбөгөн билим алуучуларга педагогикалык кеңештин чечими менен адаптацияланган программа боюнча окууну жалпы билим берүү уюмунун өзүндө улантуу (зарыл шарттар жана педагогикалык кадрлар болгон учурда) же атайын мектепке (жатак мектепке) же атайын көмөкчү мектепке (жатак мектепке) которуу сунуш кылынышы мүмкүн. Атайын коррекциялык (ресурстук) класстардын ишинин тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
34. Санаториялык жатак мектептерине балдарды кабыл алуу билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте саламаттык сактоо мекемелеринин жолдомосунун (корутундусунун) негизинде жүзөгө ашырылат.
35. Жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча жана балдар иштери боюнча комиссиянын макулдугу менен укукка каршы аракеттерди жасагандыгы жана жалпы билим берүү уюмунун уставын бир нече жолу бузгандыгы үчүн он беш жашка чыккан билим алуучуну педагогикалык таасир көрсөтүүнүн акыркы чарасы катары жалпы билим берүү уюмунан чыгарууга жол берилет.
Балдар иштери боюнча комиссия ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен биргеликте бир айлык мөөнөттө окуудан чыгарылган билим алуучуну окуусун улантуу үчүн башка жалпы билим берүү уюмуна жиберүү же аны ишке орноштуруу жөнүндө чечим кабыл алат.
5-глава. Билим берүү процесси
36. Жалпы билим берүү уюму билим берүү процессин мектептик билим берүүнүн төмөнкүдөй үч баскычындагы жалпы билим берүү программаларына ылайык жүзөгө ашырат:
- жалпы башталгыч билим берүү (ченемдик окуу мөөнөтү - 4 жыл);
- жалпы негизги билим берүү (ченемдик окуу мөөнөтү - 5 жыл);
- жалпы орто билим берүү (ченемдик окуу мөөнөтү - 2 жыл).
Ар бир класста окутуунун узактыгы бир окуу жылынан кем эмес.
37. Жалпы башталгыч билим берүүнүн милдеттери болуп билим алуучуларды окутуу, тарбия берүү жана өнүктүрүү, алардын окуу, жазуу жана эсептөө, логикалык ой жүгүртүү жана таанып-билүү иш ыкмаларына, өзүн-өзү окутуунун. жана өзүн-өзү уюштуруунун жөнөкөй көндүмдөрүнө, жүрүм-турум жана сүйлөө маданиятына, жеке гигиенага жана сергек жашоо негиздерине ээ болуусу, жалпы билим берүү ыктарын жана көндүмдөрүн өздөштүрүүсү саналат.
Жалпы башталгыч билим берүү жалпы негизги билим алуу үчүн база болуп эсептелет.
38. Жалпы негизги билим берүүнүн милдеттери болуп социалдык өзүн-өзү аныктоого, өзүн-өзү жүзөгө ашырууга жана өзүн-өзү контролдоого, ошондой эле коомдо жашоо үчүн жетиштүү болгон социалдык көндүмдөргө ээ болууга шыктуулугун жана компетенцияларын өнүктүрүү үчүн билим алуучулардын инсандык сапаттарын тарбиялоо, түзүү жана калыптандыруу саналат.
Жалпы негизги билим берүү жалпы орто билим, башталгыч жана орто кесиптик билим алуу үчүн база болуп эсептелет.
39. Жалпы орто билим берүү жалпы билим берүүнүн акыркы этабы болуп саналат жана окуучулардын туруктуу компетенцияларын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү, рухий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктар жөнүндө түшүнүктөрдү, ошондой эле окутуунун дифференциациясынын негизинде өз алдынча окуу иш-аракеттеринин көндүмдөрүн жана кесипти же эмгектик ишмердигин аң-сезимдүү тандоого даярдыкты камсыз кылат.
Жалпы орто билим берүү башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантуу үчүн база болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык экстернат формасынан тышкары тездетилген окутуу программалары боюнча жалпы орто билим алууга жол берилбейт.
40. Атайын мектепте (жатак мектепте) жана атайын көмөкчү мектепте (жатак мектепте) окутуунун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
41. Конкреттүү жалпы билим берүү уюмунда жалпы орто билим берүүнүн мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана жалпы негизги билим берүү программаларынын негизинде аныкталат жана жалпы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмунда тиешелүү шарттар болгондо окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына жараша ар кандай профилдер жана багыттар боюнча окутуу киргизилиши мүмкүн.
42. Жалпы билим берүү уюмунда окутуу жүргүзүлүп жаткан тил (тилдер) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык уюштуруучу тарабынан аныкталат жана жалпы билим берүү уюмунун уставында көрсөтүлөт.
Жалпы билим берүү уюму кыргыз тилин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары окутууну мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын расмий тили болуп саналган орус тили, ошондой эле бир чет тили ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык окутулат.
Билим берүү процессин уюштурууда жалпы билим берүү уюму окутуу каражаты катары эки же андан көп тилди колдоно алат.
43. Жалпы билим берүү уюму тиешелүү шарттар болгон учурда (педагогикалык кадрлар, окуу-методикалык камсыздоо, материалдык-техникалык жабдуу ж.б.) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыра алат жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык жалпы негизги билим берүү программаларынан жогору кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтө алат.
44. Кошумча билим берүү кызматтары жалпы билим берүү уюму менен окуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен көрсөтүлөт. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
45. Жалпы билим берүү уюму баалоо системасын, окутуунун жана тарбиялоонун формаларын, каражаттарын жана методдорун, ошондой эле окуучуларды которуу экзамендеринин мезгилдүүлүгүн жана формаларын тандоодо ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү чечимин жетекчиликке алат.
46. Жалпы билим берүү уюмундагы билим берүү процесси жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык жалпы билим берүү уюму өз алдынча иштеп чыгуучу жумушчу окуу планынын негизинде жүргүзүлөт.
47. Окуучулардын окуу жүктөмү мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген жүктөмдүн жол берилүүчү чектелген ченеминен ашпоого жана окуу предметтерин окутууга базистик окуу планында бөлүнгөн сааттардын санынан төмөн болбоого тийиш.
Сабактардын расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жалпы билим берүү уюмдарында окутуунун шарттарына жана уюштурулушуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык түзүлөт.
Жалпы билим берүү уюмдарында жол берилген окуу жүктөмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк окуу жумасы белгиленет.
48. Жалпы билим берүү уюмдарында окуу жылы 1-сентябрда башталат.
Мектептик билим берүүнүн I-II-III баскычтарында окуу жылынын узактыгы мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын мезгилин эсепке албаганда 34 жумадан кем эмес, ал эми биринчи класста 33 жуманы түзөт.
Окуу жылындагы каникулдардын узактыгы 30 календардык күндөн кем эмес, жайында 14 календардык жумадан кем эмес убакытты түзөт. Биринчи класстагы окуучулар үчүн окуу жылынын ичинде кошумча бир жумалык каникулдар белгиленет.
Жалпы билим берүү уюмунун биринчи классындагы сабактын узактыгы 40 мүнөт, экинчи класстан он биринчи класска чейин 45 мүнөт.
49. Жалпы билим берүү уюмдарынын ишине мамлекеттик контролду билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы жана аймактык органдары жүзөгө ашырат.
50. Мамлекеттик билим берүү стандартына шайкештигине мониторинг жүргүзүү жана көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо максатында жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте таанылган аккредитациялык агенттиктерден аккредитациядан өтө алат.
6-глава. Жалпы билим берүү уюмунун укуктары жана милдеттери
51. Жалпы билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына ылайык окуучуларга акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылууга;
2) бекитилген окуу планына жана сабактардын расписаниесине ылайык билим берүү программаларын ишке ашырууну камсыз кылууга;
3) билим алуучулардын жетишүүсүн учурдагы жана аралыктык контролдоону жүзөгө ашырууга жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен окуучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) маалымдоого;
4) билим алуучуларды зарыл окуу китептери менен, анын ичинде ижара негизинде да камсыз кылууга, ошондой эле ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын алкагында жалпы билим берүү уюмунун китепканалык жана маалыматтык ресурстарына акысыз жетүүнү камсыз кылууга;
5) билим алуучулардын арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;
6) өз ыйгарым укуктарынын чегинде ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоону жүзөгө ашырууга;
7) Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жана билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыккан класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иш программаларына ылайык окуучулар менен тарбиялык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылууга;
8) окуучунун инсандыгын урматтоого, аны физикалык жана психологиялык зомбулуктун, кадыр-баркты басмырлоонун бардык формаларынан, ошондой эле эксплуатациялоонун жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин бардык формаларынан сактоого;
9) билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана жалпы билим берүү уюмдарында тарбия иштерин жүргүзүү учурунда окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын адеп-ахлактык, физикалык жана психологиялык ден соолугун, эмоционалдык бакубаттуулугун чыңдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга;
10) билим берүү жана тарбиялоо процессине коюлуучу санитардык жана гигиеналык талаптарды, өрт жана башка коопсуздуктун милдеттүү ченемдерин жана эрежелерин сактоого;
11) колдонуудагы билим берүү жаатындагы мыйзамдардын ченемдерине жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык окуучулардын тамак-аш менен камсыз кылууга;
12) жеке мүнөздөгү маалыматтар жаатындагы мыйзамдарга ылайык окуучулардын инсандыгы жана ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтарды, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоону камсыз кылууга, мындай маалыматтарды берүү мыйзамдарда каралган же окуучунун өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо;
13) билим алуучунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматка ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жеткиликтүү болуусун камсыз кылууга;
14) билим алуучулардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) устав, ички тартип эрежелери жана жалпы билим берүү уюмунун билим берүү, тарбиялоо жана административдик ишин жөнгө салуучу башка документтер менен жеткиликтүү формада тааныштырууну камсыз кылууга.
15) бардык билим алуучулар үчүн билим алууга бирдей жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тартууга жол бербөөгө;
16) билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана психологиялык кысым көрсөтүүгө жол бербөөгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
52. Жалпы билим берүү уюму билим алуучу жалпы билим берүү уюмунда жана анын аймагында, ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун жана анын аймагынын чегинен тышкары жерде болгон учурда, эгерде мындай болуу жалпы билим берүү уюмунун окуу, тарбиялоо жана башка иштерине ылайык ишке ашырылса, окуу, тарбиялоо жана башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мезгилинде билим алуучунун өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
53. Жалпы билим берүү уюму төмөнкүлөргө укуктуу:
1) педагогикалык максатка ылайыктуулук менен шартталган окутуу методдорун колдонууга;
2) билим алуучудан окуу жүктөмүн толук көлөмдө аткарууну талап кылууга;
3) билим алуучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
4) билим алуучуну жетишкендиктерине жараша баалоого;
5) ыйгарым укуктуу орган жана жалпы билим берүү уюмунун тиешелүү локалдык актысы тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте окутуунун аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга;
6) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык билим алуучуларга кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген категориялардан билим алуучуларды окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынан бошотууга же жеңилдетилген шарттарды белгилөөгө;
8) билим алуучу жана анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан ички тартип эрежелерин, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана уставды сактоону талап кылууга.
54. Жалпы билим берүү уюму инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте камкорчулук кеңештерин түзүүгө укуктуу.
Жалпы билим берүү уюмунун акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну жүзөгө ашыруу максатында коомдук фонддорду жана башка уюмдарды түзүүгө, катышууга укугу жок.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

7-глава. Билим алуучулардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары жана милдеттери
55. Билим алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу;
1) окутуунун каалаган этабында жалпы билим берүү уюмуна кирүүгө жана билим алуунун формасын тандоого;
2) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде сапаттуу милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим алууга, ошондой эле акысыз жалпы орто билим алууга;
3) кошумча билим берүү кызматтарын, анын ичинде акы төлөөнүн негизинде алууга;
4) жалпы билим берүү уюмунун маалыматтык ресурстарын, китепканалык, маданий-спорттук жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;
5) жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталган формада аны башкарууга катышууга;
6) балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
7) адамдын кадыр-баркын урматтоого, өз көз карашын жана ишенимин эркин билдирүүгө;
8) коопсуз билим берүү чөйрөсүнө, эксплуатациялоонун ар кандай формаларынан жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттерден, ошондой эле физикалык жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркты басмырлоодон коргоого;
9) ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөөдөн коргоого;
10) медициналык кароого жана алгачкы медициналык жардамды уюштурууга;
11) алардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен окутуу үчүн шарттарды берүүгө;
12) жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү аяктагандан кийин мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди өз убагында алууга;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте акысыз тамактанууга жана медициналык тейлөөгө, жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт менен жеңилдетилген шартта жүрүүгө.
55-1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), педагогикалык кызматкерлер, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жалпы билим берүү уюмдары билим алуу укугун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендеги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

56. Билим алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалпы билим берүү уюмунун уставын сактоого жана аткарууга;
2) мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
3) жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды, жалпы билим берүү уюмунун башка билим алуучуларынын жана кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого;
4) жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого;
5) жалпы билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоо боюнча, анын ичинде мектеп кийимине карата талаптарын аткарууга;
6) жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга.
57. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окууну улантуу үчүн окутуунун каалаган этабында жалпы билим берүү уюмун, ошондой эле билим алуу формасын тандоого жана балдарды ага жиберүүгө;
2) мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын алкагында баланын билим алуу укугун сактоону талап кылууга;
3) билим алуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле суроолор жана сунуштар менен жалпы билим берүү уюмуна кайрылуу мүмкүнчүлүгүн коргоого;
4) окутуу процессине кийлигишүү укугусуз жана окутуу методдорун өзгөртүү талабы жок окутуунун жана тарбиялоонун методдору колдонулган билим берүүнүн мазмуну менен таанышууга;
5) пландаштырылуучу медициналык текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү жөнүндө маалымат алууга, макулдук берүүгө же мындай текшерүүлөргө катышууга, аларды өткөрүүдөн же аларга катышуудан баш тартууга, текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;
6) жалпы билим берүү уюмун башкарууга жана өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешип башкаруу органдарына, анын ичинде ата-энелер чогулуштарына жана иш-чараларына катышууга;
7) билим алуучунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалымат алууга;
8) педагогикалык кеңештин жыйналыштарына жана билим алуучуга тиешелүү маселелер боюнча башка иш-чараларга катышууга;
9) окутуу процессине тиешелүү маселелер боюнча билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына кайрылууга.
58. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим алуучунун окуусу, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, жалпы башталгыч, негизги жана орто билим алуусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө, анын физикалык жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;
2) билим алуучунун кадыр-баркын сыйлоого, эмгекчилдикти, кайрымдуулукту, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, башка жыныстагыларга, башка улуттарга, мамлекеттик, расмий жана эне тилине, элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга сый мамиле кылууга, сабырдуулукка, зомбулукка, коррупцияга жана басмырлоого карата сабырсыздыкка тарбиялоого;
3) билим алуучунун зомбулуктун бардык формаларынан жана кайдыгерлик мамиледен кол тийбестигин камсыз кылууга;
4) Кыргызстан элинин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, башка адамдардын укуктарын урматтоого, мекенди сүйүүгө тарбиялоого;
5) жалпы билим берүү уюмунун уставынын өзүнүн укуктарына жана милдеттерине тиешелүү бөлүгүн аткарууга;
6) жалпы билим берүү уюму менен туруктуу кызматташууну колдоого, билим алуучуну окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин сунуштарын аткарууга;
7) билим алуучу жалпы билим берүү уюмуна киргенде жана аны окутуу процессинде билим алуучунун инсандыгы жана ден соолугунун абалы жөнүндө зарыл документтерди жана маалыматтарды өз убагында берүүгө;
8) билим алуучунун өзүнүн эсебинен (билим берүү жаатындагы мыйзамдарда жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларында каралган учурлардан тышкары) билим алуучу үчүн зарыл болгон буюмдар менен (жазуу-кеңсе буюмдары, мектеп жана спорт формалары ж.б.) билим алуучу жаш курагына жана муктаждыктарына ылайык келген санда камсыз кылууга;
9) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык билим алуучу тарабынан жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу китептерин ижарага берүү тартибине ылайык жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган окуу китептеринин тизмегине ылайык жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунун окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү камсыз кылууга;
11) жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде мектептин ашканасында окуучунун тамактануусу үчүн кошумча акы төлөөгө (ысык тамак уюштурулган жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн);
12) мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө, ички тартиптин эрежелерин сактоого, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого, жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоо жөнүндө, ошондой эле жалпы билим берүү уюмуна же педагогикалык кызматкерлерге келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө билим алуучуга маалымдоого.
59. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучунун ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) окуучу үчүн тиешелүү шарттардын жоктугу, билим алуучу үчүн жалпы башталгыч, негизги жана орто билим алуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен билим алуучулардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Окутуунун ак ниеттүү жана коопсуз чөйрөсүн түзүү, жалпы билим берүү уюму менен ата-энелер коомчулугунун, жалпы билим берүү уюму менен билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү келишимдин негизинде ата-энелер келишими түзүлөт.
61. Жалпы билим берүү уюмундагы тартип билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын адамдык кадыр-баркты урматтоосунун негизинде сакталат.
Билим алуучуларга карата физикалык, эмоционалдык жана психикалык зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт.
Билим алуучуларды коомдук-саясий жана диний партияларга жана уюмдарга, аскерлештирилген кошуундарга, ошондой эле бул партиялар менен уюмдардын ишине, үгүт кампанияларына жана саясий акцияларга катышууга мажбурлап тартууга тыюу салынат.
62. Билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Жалпы билим берүү уюмдарында кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жобого ылайык акы төлөнүүчү негизде кошумча билим берүү кызматтарын ала алышат (ыктыярдуу негизде).
63. Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо менен аяктайт.
64. Тиешелүү класстагы негизги жалпы билим берүү программаларын толук көлөмдө өздөштүргөн билим алуучулар жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча кийинки класска которулат.
Мурунку класстагы (баскычтагы) негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрбөгөн билим алуучунун жалпы билим берүү уюмунун кийинки классында (баскычына) окуусуна жол берилбейт.
65. Мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн жалпы билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ (күбөлүк, аттестат) берилет.
Жалпы негизги же жалпы орто билимди бүтүрө элек адамга жалпы билим берүү уюму тарабынан белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет.
66. Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишкен жалпы билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсүнө академиялык билими тастыкталган учурда Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн артыкчылык билими жөнүндө документ (күбөлүк, аттестат) берилет.
Бир же бир нече предметтерди окутууда өзгөчө ийгиликтерге жетишкен бүтүрүүчү калган сабактардан оң баа алган учурда "Айрым предметтерди окутуудагы өзгөчө ийгиликтери үчүн" деген мактоо грамотасы менен сыйланат.
Бардык предметтер боюнча мыкты чейректик, жылдык жана жыйынтыктоочу баалары бар которуу класстарынын билим алуучулары "Окуудагы мыкты ийгиликтери үчүн" деген мактоо баракчасы менен сыйланышат.
8-глава. Жалпы билим берүү уюмун башкаруу
67. Жалпы билим берүү уюмун башкаруу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого жана жалпы билим берүү уюмунун уставына ылайык демократия, ачыктык жана айкындык, өз алдынчалуулук жана мамлекеттик-коомдук өнөктөштүк принциптеринде жүзөгө ашырылат.
68. Жалпы билим берүү уюмунда кошо башкаруунун формалары болуп жалпы чогулуш, педагогикалык кеңеш, камкорчулар кеңеши, ата-энелер комитети, билим алуучулардын өз алдынча башкаруусу жана башка кеңештер эсептелет.
Жалпы билим берүү уюмунун кошо башкаруу органдарын шайлоо тартиби жана алардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталат.
69. Жалпы билим берүү уюмуна директор түздөн-түз жетекчилик кылат.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмунун директорун дайындоо конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча 5 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби жана талапкерлерге карата квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
70. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмунун директору ыйгарым укуктуу орган тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмунун директору - билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
Ыйгарым укуктуу орган тиешелүү чечим менен билим берүүнү башкаруунун аймактык органына республикалык бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмунун директорун кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп бере алат.
Жалпы билим берүү уюмунун директорун кызмат ордуна которуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
71. Директордун орун басарын жана материалдык-жооптуу кызматкерди кызмат ордуна дайындоо жана кызматтан бошотуу жалпы билим берүү уюмунун директорунун сунушу боюнча билим берүү башкармалыгынын аймактык органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Педагогикалык жана башка кызматкерлерди кызмат ордуна дайындоону жана кызмат ордунан бошотууну Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун директору жүзөгө ашырат.
72. Жалпы билим берүү уюмунун директору кызматтык милдеттерине, эмгек келишимине жана жалпы билим берүү уюмунун уставына ылайык жалпы билим берүү уюмунун ишинин натыйжасы үчүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн), мамлекеттин жана коомдун алдында жеке жоопкерчилик тартат.
73. Директор:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактайт жана аткарат;
2) педагогикалык кеңеш менен биргеликте билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы менен макулдашуу боюнча жалпы билим берүү уюмун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт жана ишке ашырат;
3) жарандардын жалпы негизги жана жалпы орто билим алуудагы муктаждыктарын канааттандырат;
4) административдик-аткаруу органдарында жана башка уюмдарда жалпы билим берүү уюмунун укуктарын жана кызыкчылыктарын билдирет жана коргойт;
5) жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кызматкерлерин жана техникалык персоналын кабыл алат жана жайгаштырат, педагогикалык кеңештин ишин жетектейт;
6) билим берүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык штаттык расписаниени жана тарифтик тизмени иштеп чыгат жана бекитет;
7) билим берүүнү башкаруунун тиешелүү аймактык органы же ыйгарым укуктуу орган (республикалык бюджеттен каржылоодо) менен макулдашылган жумушчу окуу планын мугалимдер менен биргеликте ишке ашырат;
8) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана негизги жалпы билим берүү программаларынын талаптарынын чегинде билим алуучулардын билиминин жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылат;
9) билим берүү жана тарбиялоо процессин уюштуруунун колдонулуучу формаларынын, усулдарынын жана каражаттарынын билим алуучулардын курактык психофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнө, шыгына жана жөндөмдүүлүгүнө, алардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо талаптарына шайкештиги, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат;
10) класстан тышкаркы/мектептен тышкаркы иштин мазмуну аркылуу билим алуучулар менен тарбиялык иштерди камсыз кылат жана контролдойт;
11) педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүшү үчүн шарттарды түзөт, ошондой эле аларды аттестациялоону жүргүзөт;
12) билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин берилишин жана билими жөнүндө документтерди даярдоо үчүн бүтүрүүчүлөр тууралуу берилген маалыматтардын тууралыгын уюштурат жана жоопкерчилик тартат;
13) балалыкты коргоо, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча талаптарды контролдойт жана сактайт;
14) жалпы билим берүү уюмунун финансы-чарбалык ишин жетектейт жана контролдойт;
15) финансылык каражаттардын, гранттардын жана инвестициялардын, ата-энелердин ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусуна жайларды, жабдууларды жана шаймандарды берүүдөгү кирешелердин, анын ичинде кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан түшкөн башка каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
16) жеке жана юридикалык жактарга жайларды, жабдууларды жана шаймандарды мыйзамсыз бергендиги үчүн, ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
16-1) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
16-2) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу жана педагогикалык кызматкерлерге, билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөтүү, ошондой эле кызматкерлерди аталган аракеттерге мажбурлоо үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;
17) материалдык-техникалык базанын эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылат жана жоопкерчилик тартат;
18) жалпы билим берүү уюмунда коопсуздук техникасынын жана санитардык-гигиеналык режимдин талаптарынын сакталышы, билим алуучулардын жана кызматкерлердин эмгегин коргоо үчүн жоопкерчилик тартат;
19) карамагында турган жалпы билим берүү уюмунда өрт коопсуздугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык билим алуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген же окуу учурунда алардын өлүмүнө алып келген учурлардын күнөөсүнүн даражасына жана оордугуна жараша жеке тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин тартат;
20) кызматтык милдеттерине, жалпы билим берүү уюмунун уставына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
9-глава. Педагогикалык кызматкерлердин укуктары жана милдеттери
74. Педагогикалык ишке (негизги иштеген жерине) орто/жогорку кесиптик педагогикалык билими бар же орто/жогорку кесиптик билими бар, педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон өткөн, билими тууралуу диплому жана тиешелүү педагогикалык квалификациясы менен ырасталган адамдар кабыл алынат.
Орто/жогорку кесиптик билими жана жалпы билим берүү уюмунда 5 жылга чейинки педагогикалык иш тажрыйбасы бар адамдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген көлөмдө педагогикалык адистик боюнча кайра даярдоодон милдеттүү түрдө өтүшөт.
Жалпы билим берүү уюму "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тизмеге ылайык башка адамдарды айкалыштырып иштөө үчүн педагогикалык ишке кабыл алууга укуктуу.
75. Жалпы билим берүү уюмунда педагогикалык ишке соттолгондугу же медициналык каршы көрсөтмөсү бар адамдарга алынбайт, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Педагогдук иш менен алектенүү укугунан ажыратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
76. Жалпы билим берүү уюмун педагогдор менен комплекттөө Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт жана анын уставы менен регламенттелет.
Педагогдордун эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык келишим менен жөнгө салынат.
77. Жалпы билим берүү уюму гранттык/бюджеттик негизде окуган жана ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү жолдомосу бар педагогикалык багыттагы орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн милдеттүү түрдө ишке алат. Бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Жогоруда аталган билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү жалпы билим берүү уюму менен эмгек келишими түзүлгөн күндөн тартып үч жылдын ичинде жаш педагог болуп эсептелет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде жаш педагогдор үчүн кошумча социалдык кепилдиктерди жана жеңилдиктерди белгилей алат.
78. Педагог төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окутуу жана тарбиялоо методикасын, жалпы билим берүү программасын, окуу-методикалык комплектти, билим алуучулардын билимин баалоо методдорун өз алдынча тандоого жана пайдаланууга;
2) мамлекеттик билим берүү стандартынын, окутуу жана тарбиялоо методикасынын негизинде автордук жалпы билим берүү программасын, окуу китебин жана окуу-методикалык колдонмону түзүүгө жана пайдаланууга;
3) инновациялык методдорду жана технологияларды түзүүгө жана пайдаланууга, илимий-педагогикалык эксперимент жүргүзүүгө, алдынкы педагогикалык тажрыйбаны окуу процессине киргизүүгө;
4) өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга, методикалык колдоо көрсөтүүгө жана насаатчылыкка;
5) билим алуучуларды билим алуудагы бийик жетишкендиктери жана башка ийгиликтери үчүн сыйлоого;
6) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө;
7) өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
8) кесиптик иш үчүн тиешелүү шарттарды талап кылууга;
9) жалпы билим берүү уюмун анын уставында аныкталган тартипте башкарууга катышууга;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген кошумча социалдык кепилдиктерге жана жеңилдиктерге.
Педагогдун төмөнкүлөргө укугу жок:
1) жалпы билим берүү уюмдарында диний жана атеисттик пропаганда жүргүзүүгө;
2) жалпы билим берүү уюмдарында саясий топторду, партияларды уюштурууга;
3) шовинисттик, улутчул, милитаристтик, сепаратисттик идеологияны жайылтууга;
4) билим алуучуларды иш таштоо кыймылдарына жана саясий акцияларга катышууга тартууга;
5) билим алуучуларга зомбулук кылууга жана ар кандай басмырлоого.
Педагог төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) педагогикалык этиканын ченемдерин жана жалпы билим берүү уюмунун уставын сактоого жана аткарууга;
2) мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде билим алуучулардын жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
3) ишке карата өз алдынчалыкты, чыгармачылык мамилени өнүктүрүүгө, билим алуучулардын жүрүм-турумунун жогорку адеп-ахлактык сапаттарын калыптандырууга;
4) ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
5) өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын жогорулатууга;
6) билим алуучуларга карата моралдык жана физикалык зомбулук ыкмаларын колдонбоого.
7) мыйзамсыз акча чогултууга жана билим алуучуларды жана ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) акча каражаттарын чогултууга мажбурлап катыштыруу максатында аларга психологиялык кысым көрсөтүүгө жол бербөөгө.

78-1. Педагог акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) психологиялык кысым көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

79. Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдары жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен педагогикалык кызматкерлердин кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
80. Педагог Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык айкалыштырып иштөөгө укуктуу.
Педагогдун педагогикалык жүктөмүнүн көлөмү жалпы билим берүү уюмунун окуу планы боюнча сааттардын санына, кадрлар менен камсыз болушуна жана иштөөнүн башка шарттарына жараша белгиленет.
Окуу планы боюнча сааттардын саны азайган же класстардын саны кыскартылган учурларды кошпогондо, окуу жылынын башында белгиленген педагогикалык жүктөмдүн (педагогикалык иштин) көлөмү жалпы билим берүү уюмунун администрациясынын демилгеси боюнча окуу жылынын ичинде азайтылышы мүмкүн эмес.
Бул жалпы билим берүү уюму негизги иш орду болуп саналган педагогдордун жаңы окуу жылына окуу жүктөмүн белгилөөдө анын көлөмү жана класстарда предметтерди окутууну улантуусу сакталат.
Педагогдорду кесиптик милдеттерине ылайык келбеген жана эмгек келишиминде каралбаган жумуштарды аткарууга алардын макулдугу жок тартууга жол берилбейт. Педагогдун эмгек келишиминде каралбаган иштерди аткаруудан баш тартуусу, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленгенден башка учурларда, аны кызматтан бошотуу үчүн негиз боло албайт.
81. Билим алуучулардын жогорку билим жана башка жетишкендиктери үчүн жалпы билим берүү уюмунун педагогу ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук сыйлыктарына, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана атайын белгилерге көрсөтүлөт.
82. Жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлеринин башка категорияларынын укуктары менен милдеттери тиешелүү типтүү квалификациялык мүнөздөмөлөр жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
10-глава. Мүлк жана материалдык-финансылык каражаттар
83. Жалпы билим берүү уюмунун уставдык ишин камсыз кылуу максатында уюштуруучу же ал ыйгарым укук берген орган Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ага менчик укугунда таандык болгон же ал үчүнчү жактардан ижарага алган имаратты, курулманы, жабдууну жана башка мүлктү ыкчам башкаруу укугунда бекитип берет.
Жер участоктору жалпы билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте ыкчам башкаруу укугунда берилет.
Жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмунун мүлкүн пайдалануу, ээлик кылуу жана тескөө укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдары, ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун уставы менен аныкталат.
Жалпы билим берүү уюмуна бекитилип берилген мүлк билим берүүдөн башка максаттарда алынып коюлбайт жана/же ээликтен ажыратылбайт.
84. Жалпы билим берүү уюмунун уюмдаштыруучусу же ал ыйгарым укук берген орган жалпы билим берүү уюмунун имаратын пайдаланууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалпы билим берүү уюмунун имараттарын талаптагыдай техникалык, санитардык, өрткө каршы, экологиялык жана архитектуралык-эстетикалык абалда кармоого;
2) объектти пайдалануунун бардык ченемдик мөөнөтүнүн ичинде долбоордук-сметалык жана техникалык документтерди, техникалык көзөмөлдөө журналдарын, анын ичинде пайдаланууда оңдоо иштерин жүргүзүүнү сактоого;
3) пайдаланылып жаткан имараттардын техникалык абалына беш жылда бир жолудан кем эмес экспертиза жүргүзүүгө;
4) пайдаланылып жаткан объекттерге мезгил-мезгили менен ондоо иштерин жүргүзүүгө, имараттарды пайдаланууга көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга.
85. Жалпы билим берүү уюму жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык ар кандай иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте келишимдик негизде залдарды, жайларды, жабдууларды, шаймандарды берүүгө укуктуу.
86. Жалпы билим берүү уюму алардын мүмкүн болгон кесепеттери болуп жалпы билим берүү уюмунун негизги фонддорун үчүнчү жактардын пайдасына ажыратуу саналган бүтүмдөрдү түзүүгө укуксуз.
87. Жалпы билим берүү уюмунун мүлкүн жана финансылык ресурстарын түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттер;
2) уюмдаштыруучу катары чыккан жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандардын каражаттары;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы иш-аракеттерден киреше алып келүүчү жалпы билим берүү уюмунун өздүк каражаттары;
4) депозиттик салымдардан түшкөн кирешелер;
5) жеке жана юридикалык жактардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу кошкон каражаттары, кайрымдуулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;
6) кредиттер;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
88. Жалпы билим берүү уюмуна тартуу, кайрымдуулук же керээз түрүндө жеке жана юридикалык жактар тарабынан ага берилген акча каражаттарына, мүлккө жана менчиктин башка объектилерине, ошондой эле өз ишинен түшкөн кирешеге жана ушул кирешеден сатып алынган мүлккө менчик укугу таандык.
89. Жалпы билим берүү уюму өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн карамагындагы акча каражаттарынын жана ага таандык менчиктин чегинде жооп берет. Жалпы билим берүү уюмунда көрсөтүлгөн каражаттар жетишсиз болгон учурда анын милдеттенмелери боюнча жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уюмдаштыруучу тартат.
90. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарын каржылоо билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансылык каражаттары болгондо жалпы билим берүү уюмдарын ченемдерден тышкары каржылай алышат.
90-1. Коомдук фонддор жана башка уюмдар жалпы билим берүү уюмдарынын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган акча каражаттарын чогултуу үчүн пайдаланууга укугу жок.
Көрсөтүлгөн тыюу салууну бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык коомдук фонддордун жана башка уюмдардын, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилигине алып келет.

91. Жалпы билим берүү уюмдарынын финансылык ишине мамлекеттик контролду ревизиялык органдар тиешелүү ченемдик укуктук актылардын негизинде жүзөгө ашырат.
11-глава. Эл аралык кызматташтык
92. Жалпы билим берүү уюму уставдык ишин камсыз кылуу максатында чет өлкөлүк ишканалар (мекемелер, уюмдар) менен түздөн-түз байланыш түзүүгө жана банк иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык жана насыялык мекемелерде валюталык эсептерге ээ болууга укуктуу.
12-глава. Жалпы билим берүү уюмун жоюу жана кайра уюштуруу
93. Жалпы билим берүү уюмун кайра уюштуруу же жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында жүзөгө ашырылат. Мындай учурда уюмдаштыруучу билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен макулдашуу боюнча аларды башка жалпы билим берүү уюмдарына которуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
94. Жалпы билим берүү уюмун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279, 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 , 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жалпы билим берүү уюмдарынын ишин регламенттөөчү билим берүү жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты.
Бул Жобо мамлекеттик/муниципалдык менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн типтүү жана жеке менчик формасындагы жалпы билим берүү уюмдары үчүн болжолдуу болуп саналат.
2. Жалпы билим берүү уюмдарына төмөнкүлөр кирет: жалпы билим берүү мектеби, мектеп комплекси, жатак мектеп, атайын мектеп, атайын жатак мектеп, атайын көмөкчү мектеп, атайын көмөкчү жатак мектеп, санаториялык жатак мектеп, кечки мектеп (кечки жана сменалык), сырттан окуу мектеби, онлайн мектеп, аз комплекттелген мектеп.
Бул Жобонун негизинде жалпы билим берүү уюмдарынын тиешелүү түрлөрү жөнүндө жоболор иштелет.
3. Бул Жободо негизги түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниде пайдаланылат:
1) жалпы билим берүү мектеби - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын, ошондой эле шарттар болгондо кошумча билим берүү программаларын да ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
2) жатак мектеп - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын жашоосу үчүн шарттар түзүлөт;
3) мектеп-комплекс - билим алуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу максатында билим берүүнүн эки же андан ашык деңгээлиндеги билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
4) онлайн мектеп - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен билим алуучунун педагог менен түздөн-түз байланышы жок реалдуу убакыт режиминде жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюму;
5) атайын мектеп - реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн модификацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана психологиялык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн жалпы билим берүү уюму;
6) атайын жатак мектеп - реабилитациялоонун жана абилитациялоонун комплекстүү чараларын колдонуу менен жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн модификацияланган программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, угуусу, көрүүсү, сүйлөөсү жана психологиялык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
7) атайын көмөкчү мектеп - жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүүнүн адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча жана тиешелүү материалдык-техникалык база болгон учурда билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузуулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
8) атайын көмөкчү жатак мектеби - жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим берүүнүн адаптацияланган жалпы билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу, интеллектуалдык өнүгүүсүндө бузуулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык тейлөө көрсөтүү менен билим алуучулардын күнү-түнү жашоосу үчүн шарттар түзүлүшү мүмкүн;
9) санаториялык жатак мектеби - жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн жалпы билим берүү программаларын дарылоо-профилактикалык иш-чаралар менен айкалыштырып ишке ашыруучу, соматикалык оорулары бар балдар үчүн жалпы билим берүү уюму, анда тамак-аш берүү жана медициналык коштоо менен билим алуучулардын жашоосу үчүн шарттар түзүлөт;
10) аз комплекттелген мектеп - билим алуучулардын контингенти аз болгон жалпы билим берүү уюму, анда класстарды ар кандай курактагы комплект класстарга бириктирүү каралат;
11) кечки мектеп - жалпы негизги билим берүү программасын мурда өздөштүрбөгөн адамдар үчүн жалпы негизги билим берүү программасы боюнча күндүзгү-сырттан (кечки жана сменалык) окутуу формасы боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жалпы билим берүү уюму;
12) сырттан окуу мектеби - аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жалпы орто билим берүү программасы боюнча билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жалпы билим берүү уюму;
13) окуу планы - билим берүүнүн тиешелүү деңгээлиндеги окуу сабактарынын (предметтеринин) тизмегин жана көлөмүн, аларды изилдөө тартибин жана контролдоо формаларын регламенттөөчү документ;
14) жекече окуу планы - билим алуучунун өзгөчөлүктөрүн жана билим алуудагы муктаждыктарын эске алуу менен билим берүү программасынын мазмунун жекелештирүүнүн негизинде аны өздөштүрүүнү камсыз кылуучу окуу планы;
15) модификацияланган программа - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен алар үчүн мазмунун олуттуу кайра иштеп чыгуусуз түзүмдүк өзгөрүүлөргө дуушар болгон жана зарыл учурда өнүгүүдөгү бузулууларды коррекциялоону жана аларды социалдык адаптациялоону камсыз кылуучу жалпы билим берүү программасы;
16) адаптацияланган программа - мазмунун кайра иштеп чыгуу менен жалпы билим берүү программасынын негизинде түзүлгөн жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен окутуу үчүн адаптацияланган жана зарыл учурда билим берүү процессин жекелештирүү жана дифференциациялоо аркылуу өнүгүүдөгү бузулууларды коррекциялоону жана аларды социалдык адаптациялоону камсыз кылуучу билим берүү программасы;
17) билим берүү процессинде коштоо - билим алуучуну колдоо жана билим алуучунун оптималдуу өнүгүүгө жана ийгиликтүү социалдык интеграцияга жетүүсү үчүн билим алуудагы муктаждыктарын жана жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим алуучунун инсандыгын өнүктүрүү жана аны ийгиликтүү окутуу үчүн социалдык-психологиялык жана педагогикалык шарттарды жана кызматтарды түзүү;
18) атайын билим берүү - атайын же жалпы билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу;
19) ыйгарым укуктуу орган - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2-глава. Жалпы билим берүү уюмунун укуктук статусу
4. Жалпы орто билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана вариативдүүлүгүн камсыз кылуу, инсанды анын шыгына, жөндөмдүүлүгүнө жана ден соолугунун абалына жараша окутуу жана тарбиялоо үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу билим берүү инфраструктурасын түзүү максатында, билим берүүнүн мазмунуна карата конкреттүү милдеттерге жана талаптарга жана бюджеттик каржылоонун шарттарына жараша менчиктин ар кандай түрлөрүндөгү жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдары түзүлүшү мүмкүн.
5. Жалпы билим берүү уюму юридикалык жак болуп саналат, уставы, алыш-бериш жана башка эсептери, мөөрү, штампы жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жана почталык дареги жазылган бланктары жана ага бекитилип берилген мүлкү бар.
6. Жалпы билим берүү уюму уюштуруучунун же ага ыйгарым укук берген органдын макулдугу менен юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө филиалдарды түзүшү жана өкүлчүлүктөрдү ачышы мүмкүн.
7. Жалпы билим берүү уюму түзүлгөндө билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же ушул Жободо белгиленген учурларды кошпогондо, ал баштапкы - жалпы билим берүү мектеби статусуна ээ болот.
8. Билим алуучунун билим алуудагы муктаждыктарын эске алуу менен сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында, тийиштүү шарттар жана материалдык-техникалык камсыздоо болсо, жалпы билим берүү уюму онлайн-мектеп статусун ала алат.
9. Мамлекеттер аралык жалпы билим берүү уюмдарынын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык аныкталат.
10. Жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү типтүү уставдын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын жана ушул Жобонун ченемдерин эске алуу менен өзүнүн уставын иштеп чыгат. Жалпы билим берүү уюмунун уставын каттоо юридикалык жактарды каттоо/кайра каттоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Жалпы билим берүү уюму өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ушул Жобону жана өзүнүн уставын жетекчиликке алат.
11. Жалпы билим берүү уюму билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана келишимдин негизинде кесиптик уюмдарды жана бирикмелерди (педагогикалык ассоциацияларды, бирликтерди, окуу-методикалык бирикмелерди, башка кеңештерди жана уюмдарды) түзүүгө жана (же) алардын ишине катышууга укуктуу.
3-глава. Ишти уюштуруу
12. Жалпы билим берүү уюму үзгүлтүксүз билим берүү системасынын негизги звеносу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги билимди жана жалпы орто билимди алууга мамлекет тарабынан кепилденген укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзөт.
13. Жалпы билим берүү уюмунун иши төмөнкү принциптерге негизделет:
1) бардык жарандардын сапаттуу билим алуу укуктарынын бирдейлиги;
2) гуманизм жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын артыкчылыгы;
3) жарандык жана патриотизм;
4) билим берүү процессинин системалуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
5) ден соолукту коргоону камсыз кылуу, билим алуучуларды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
6) окутуунун светтик мүнөзү;
7) академиялык эркиндик жана чынчылдык;
8) жоопкерчилик жана натыйжалуулук.
14. Жалпы билим берүү уюмунун негизги максаттары мамлекеттик билим берүү стандарттарын өздөштүрүүнүн жана турмуштук компетенцияларга жетишүүнүн негизинде билим алуучулардын инсандын жалпы маданиятын калыптандыруу, кесиптик билим берүү программаларын аң-сезимдүү тандоо жана андан ары өздөштүрүү үчүн негиздерди түзүү, жарандыкка, Ата Мекенди, адам укуктарын жана эркиндиктерин, үй-бүлөнү жана курчап турган жаратылышты урматтоого, толеранттуулукка, эмгекти сүйүүгө тарбиялоо, ошондой эле сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу болуп саналат.
15. Жалпы билим берүү уюму билим алуучуну инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгында окутууну жана тарбиялоону жүзөгө ашырат, инсандын ден соолугун коргоону жана ар тараптуу өнүгүүсү, анын ичинде өз алдынча билим алууга жана кошумча билим алууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылат.
16. Жалпы билим берүү уюмунда билим берүү программалары төмөнкүдөй формаларда өздөштүрүлөт: күндүзгү, күндүзгү-сырттан окуу (кечки жана сменалык), сырттан окуу, экстернат, үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу, анын ичинде үйдө окутуу.
Билим алуучулардын дене бойлук жана психологиялык абалына, өзгөчө билим алуу муктаждыктарына жараша жалпы билим берүү программалары үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече билим берүү, анын ичинде үйдө окутуу формаларында өздөштүрүлүшү мүмкүн.
Жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде негизги жалпы билим берүү программаларын ийгиликтүү өздөштүргөн учурда билим алуучулар өз алдынча окутуу формасын - экстернатты пайдалана алышат.
Жалпы билим берүү уюму уставга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана билим берүүнү башкаруунун аймактык органы менен макулдашуу боюнча жалпы негизги билимди (7-9-класстарда) күндүзгү-сырттан (кечки жана сменалык) билим берүү түрүндө же жалпы орто билимди (10-12-класстарда) сырттан билим берүү түрүндө билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен, ал жашы жеткен учурда билим алуучунун өзү менен түзүлгөн келишимдин негизинде бере алат.
Күндүзгү-сырттан (кечки жана сменалык), сырттан билим берүү, экстернат формасында жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн шарттары жана тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан үй-бүлөлүк билим берүү жана жекече окутуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан үйдө окутуу формасында аныкталат.
Конкреттүү негизги жалпы билим берүү программасынын алкагында билим алуунун бардык формалары үчүн бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарты колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Өзгөчө абал режими, өзгөчө кырдаал же ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда, ошондой эле климаттык шарттар начарлаганда, карантиндик кырдаалдар болгондо жалпы билим берүү уюму аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен окутууну жарым-жартылай же толук көлөмдө уюштура алат. Ошол эле учурда жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык жана башка кызматкерлерине эмгек акы төлөө толук көлөмдө жүзөгө ашырылат.
18. Жалпы билим берүү уюмундагы класстардын саны жарандардын берген арыздарынын санынан санитардык-гигиеналык талаптарга жана класстардын толушунун чектүү ченемине ылайык билим берүү процессин жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттардан көз каранды.
Жалпы билим берүү уюмунда комплект класстын толушу төмөнкүчө белгиленет: минималдуу ченем - 25 билим алуучу, айыл жериндеги мектептердеги чектүү ченем - 30 билим алуучу, шаар жериндеги мектептерде - 36 билим алуучу.
Жалпы билим берүү уюмун ачууда комплект класстардын толушунун минималдуу ченемдери эске алынууга тийиш.
Чек арага чектеш райондордо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча жетүүгө кыйындыгын эске алуу менен билим алуучулардын контингенти аз болгон жалпы билим берүү уюмдары (аз комплекттелген мектептер) ачылышы мүмкүн. Комплект класстарды ачуу, класстарды ар кандай курактагы комплект класстарга бириктирүү тиешелүү шарттар жана каражаттар болгондо билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Жалпы билим берүү уюму кабыл алуу үчүн берилген арыздардын санын эске алуу менен класстардын толушунун чектүү ченеминен жогору комплекттөөгө укуктуу. Класстардын толушунун чектүү ченеминен жогору комплект класстарды ачуу тиешелүү шарттар жана каражаттар болгондо билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын уруксаты менен гана жүргүзүлөт.
Маданият жана искусство, коргоо, медицина жана спорт чөйрөсүндөгү жалпы билим берүү уюмдарынын ишинин тартиби жалпы билим берүү уюмунун уюштуруучусу жана уставы менен аныкталат.
19. Ыйгарым укуктуу орган окуу предметтеринин тизмегин белгилейт, аларды үйрөнүүдө классты чакан топторго бөлүү жүзөгө ашырылат.
20. Ийгиликтүү социалдаштыруу максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар билим алуудагы жетишкендиктерин баалоонун негизинде кадимки класста окуй алышат. Болгон билим берүү муктаждыктарына жараша билим берүү процесси жалпы билим берүү, адаптацияланган же модификацияланган окутуу программасы боюнча жекече окуу планы боюнча жүзөгө ашырылат. Адаптацияланган жана модификацияланган программалардын макеттери, ошондой эле жекече окуу планын түзүүнүн методикасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү билим алуучулардын жалпы билим берүү программасын өздөштүрүүдө олуттуу кыйынчылыктар болгон учурда психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын же психологиялык-педагогикалык коштоо кызматынын сунуштамасынын негизинде жалпы билим берүү уюму билим берүү процессинде коштоону уюштуруу аркылуу билим алуучуларга билим берүү программаларын өздөштүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Жалпы билим берүү уюмунда класстын параллелинде психологиялык дене бойлук өнүгүүсүнүн бузулушуна байланыштуу окууда жана мектептик адаптацияда олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгон 10дон ашык билим алуучу болсо жана билим берүү процессинде коштоону уюштуруу мүмкүндүгү жок болсо, билим берүүнү башкаруунун аймактык органынын чечими менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте атайын коррекциялык (ресурстук) класстар ачылышы мүмкүн.
Психологиялык дене бойлук өнүгүүсү олуттуу бузулган балдар үчүн уюштуруучунун чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте атайын мектептер (жатак мектептер) же атайын көмөкчү мектептер (жатак мектептер) ачылышы мүмкүн.
Айрым соматикалык оорулары бар балдардын ден соолугун чыңдоо жана дарылоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аныктаган тартипте санаториялык жатак мектептер ачылышы мүмкүн. Санаториялык жатак мектептер жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын дарылоо-профилактикалык иш-чаралары менен айкалыштырып ишке ашырат.
21. Узак мөөнөттүү дарылоо жана социалдык күтүү мекемелериндеги балдар үчүн билим берүү процесси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жакынкы жалпы билим берүү уюму тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Жазаларды аткаруу тутумунун мекемелеринде жүргөн адамдар билим берүү жана кылмыш-жаза аткаруу иши жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте мектептик билим алууга укуктуу.
23. Билим алуучуларды акысыз медициналык тейлөө жалпы билим берүү уюмуна саламаттык сактоо органы тарабынан атайын бекитилген медициналык кызматкер тарабынан камсыз кылынат, ал жалпы билим берүү уюмунун администрациясы менен катар билим берүү процессин уюштурууда дарылоо-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Жалпы билим берүү уюму билим алуучулардын ден соолугун чыңдоо, аларда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, оорулардын алдын алуу максатында ден соолукту сактоочу технологияларды киргизүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле ден соолукту чыңдоочу ар кандай иш-чараларды өткөрөт.
24. Жалпы билим берүү уюмдарында билим алуучулардын тамактануусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
25. Жалпы билим берүү уюму жеке маалыматтарды коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү процессинин катышуучулары жөнүндө жеке маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
Билим алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуу ички пайдалануу үчүн гана жана жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
Жалпы билим берүү уюму билим алуучунун жеке маалыматтарын иштеп чыгуу менен байланышкан жол-жоболорду анын ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырууга укуктуу.
Кызматтык абалынан улам жеке маалыматтар белгилүү болуп калган жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлери жеке маалыматтын купуялуулук режимин сактоо боюнча милдеттенмелерди жана жоопкерчиликти өзүнө алат.
251. Жайкы мектеп каникулдары мезгилинде жалпы билим берүү уюмдарынын маданий-эс алуу жана спорттук ишин жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечими боюнча жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо, ошондой эле медициналык тейлөөнү камсыз кылуу менен жалпы билим берүү уюмдарында мектептеги лагерлер уюштурулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-майындагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуу жана которуу
26. Жалпы билим берүү уюмдарынын кабыл алууда жынысы, улуту, тили, социалдык жана мүлктүк абалы боюнча чектөөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүн, дин тутуусун жана диний ынанымдарын чектөөлөргө жол берилбейт.
Жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдерине окутулууга тийиш болгон бардык балдарды жана өспүрүмдөрдү кабыл алуу жүргүзүлөт, ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына жалпы билим берүү уюмуна бекитилген аймакта жашаган адамдар (билим алуучулар) биринчи кезектеги тартипте киргизилүүгө тийиш.
Жалпы билим берүү уюмуна балдарды кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмунун 1-классына балдарды кабыл алуу ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте мектепке электрондук каттоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Эреже катары, кирүү курагы 6-7 жашты түзөт. Социалдык, психологиялык жана дене бойлук даярдыкты эске алуу менен 1-класска 5,5 жаштагы балдар кабыл алынышы мүмкүн.
Баланы 1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарына кабыл алуудан негизсиз баш тартуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108, 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Жалпы билим берүү уюмуна кирүүдө балдарды аттестациялоого (тестирлөөгө) жол берилбейт.
28. Билим алуучуну бир жалпы билим берүү уюмунан экинчисине которууда кабыл алуучу жалпы билим берүү уюму тарабынан милдеттүү тартипте анын кабыл алынгандыгы жөнүндө маалымкат (кагаз же Электрондук вариант) берилет. Мындай маалымкатты алганда жалпы билим берүү уюму билим алуучунун ата-энесине (мыйзамдуу өкүлүнө) кол койдуруу менен өздүк делонун түп нускасын берет. Өздүк делонун көчүрмөсү жалпы билим берүү уюмунун архивинде калат жана 75 жылдан кем эмес сакталат. Зарыл болгон учурда жалпы билим берүү уюму окуу учурунда жетишкендиктеринин табелин бере алат, ал жалпы билим берүү уюмунун директорунун жана директордун окуу иштери боюнча орун басарынын мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлөт.
Билим алуучу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткен учурда жалпы билим берүү уюму ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) жазуу жүзүндө кайрылган учурдан тартып үч күндүн ичинде, бирок ал кеткенге чейин эки жумадан эрте эмес жана баланын кеткенин ырастаган документтерди тапшырганда ата-энесине (мыйзамдуу өкүлүнө) кол койдуруу менен өздүк делонун түп нускасын берет. Өздүк делонун көчүрмөсү, жазуу жүзүндөгү кайрылуу жана ага тиркелген документтер жалпы билим берүү уюмунун архивинде 75 жылдан кем эмес сакталат.
29. Жалпы билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө маалымкаттын жана билим алуучунун жетишкендиктеринин табелинин формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
30. Жүйөлүү себепсиз 45 жана андан ашык окуу күнүн калтырган билим алуучуларга педагогикалык кеңеш кийинки окуу жылында кайталап окууну сунуш кылышы мүмкүн.
31. Жалпы билим берүү уюму тарабынан билим алуучуларды класстан класска которуу, билим алуучуларга орто аралык (которуу экзамендерин) жана жыйынтыктоочу аттестация өткөрүү ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
32. Билим алуучуларды атайын мектептерге жана атайын жатак мектептерге, атайын көмөкчү мектептерге жана атайын көмөкчү жатак мектептерге кабыл алуу, аларды бир түрдөн экинчи түргө которуу билим берүү системасынын психологиялык-медициналык-педагогикалык консультацияларынын корутундусунун негизинде ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каалоосу боюнча жүргүзүлөт.
33. Билим алуучуларды атайын коррекциялык (ресурстук) класстарга кабыл алуу (которуу) алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу жана психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу боюнча жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Атайын коррекциялык (ресурстук) класстар билим берүү процессин жалпы башталгыч билим берүү программасы боюнча жүзөгө ашырат. Программаны өздөштүрүү мөөнөтү жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча бир окуу жылына узартылышы мүмкүн. Башталгыч жалпы билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүүдө билим алуучулар жалпы билим берүүнүн II деңгээлине которулат. Жалпы башталгыч билим берүү программасын толук өздөштүрбөгөн билим алуучуларга педагогикалык кеңештин чечими менен адаптацияланган программа боюнча окууну жалпы билим берүү уюмунун өзүндө улантуу (зарыл шарттар жана педагогикалык кадрлар болгон учурда) же атайын мектепке (жатак мектепке) же атайын көмөкчү мектепке (жатак мектепке) которуу сунуш кылынышы мүмкүн. Атайын коррекциялык (ресурстук) класстардын ишинин тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Санаториялык жатак мектептерине балдарды кабыл алуу билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган тартипте саламаттык сактоо мекемелеринин жолдомосунун (корутундусунун) негизинде жүзөгө ашырылат.
35. Жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча жана балдар иштери боюнча комиссиянын макулдугу менен укукка каршы аракеттерди жасагандыгы жана жалпы билим берүү уюмунун уставын бир нече жолу бузгандыгы үчүн он беш жашка чыккан билим алуучуну педагогикалык таасир көрсөтүүнүн акыркы чарасы катары жалпы билим берүү уюмунан чыгарууга жол берилет.
Балдар иштери боюнча комиссия ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) менен биргеликте бир айлык мөөнөттө окуудан чыгарылган билим алуучуну окуусун улантуу үчүн башка жалпы билим берүү уюмуна жиберүү же аны ишке орноштуруу жөнүндө чечим кабыл алат.
5-глава. Билим берүү процесси
36. Жалпы билим берүү уюму билим берүү процессин жалпы билим берүүнүн төмөнкүдөй үч деңгээлиндеги жалпы билим берүү программаларына ылайык жүзөгө ашырат:
- жалпы башталгыч билим берүү (ченемдик окуу мөөнөтү - 6 жыл);
- жалпы негизги билим берүү (ченемдик окуу мөөнөтү - 3 жыл);
- жалпы орто билим берүү (ченемдик окуу мөөнөтү - 3 жыл).
Ар бир класста окутуунун узактыгы бир окуу жылынан кем эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Жалпы башталгыч билим берүүнүн милдеттери болуп билим алуучуларды окутуу, тарбия берүү жана өнүктүрүү, алардын окуу, жазуу жана эсептөө, логикалык ой жүгүртүү жана таанып-билүү иш ыкмаларына, өзүн-өзү окутуунун. жана өзүн-өзү уюштуруунун жөнөкөй көндүмдөрүнө, жүрүм-турум жана сүйлөө маданиятына, жеке гигиенага жана сергек жашоо негиздерине ээ болуусу, жалпы билим берүү ыктарын жана көндүмдөрүн өздөштүрүүсү саналат.
Жалпы башталгыч билим берүү жалпы негизги билим алуу үчүн база болуп эсептелет.
38. Жалпы негизги билим берүүнүн милдеттери болуп социалдык өзүн-өзү аныктоого, өзүн-өзү жүзөгө ашырууга жана өзүн-өзү контролдоого, ошондой эле коомдо жашоо үчүн жетиштүү болгон социалдык көндүмдөргө ээ болууга шыктуулугун жана компетенцияларын өнүктүрүү үчүн билим алуучулардын инсандык сапаттарын тарбиялоо, түзүү жана калыптандыруу саналат.
Жалпы негизги билим берүү жалпы орто билим, башталгыч жана орто кесиптик билим алуу үчүн база болуп эсептелет.
39. Жалпы орто билим берүү жалпы билим берүүнүн акыркы этабы болуп саналат жана окуучулардын туруктуу компетенцияларын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү, рухий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктар жөнүндө түшүнүктөрдү, ошондой эле окутуунун дифференциациясынын негизинде өз алдынча окуу иш-аракеттеринин көндүмдөрүн жана кесипти же эмгектик ишмердигин аң-сезимдүү тандоого даярдыкты камсыз кылат.
Жалпы орто билим берүү башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча окууну улантуу үчүн база болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык экстернат формасынан тышкары тездетилген окутуу программалары боюнча жалпы орто билим алууга жол берилбейт.
40. Атайын мектепте (жатак мектепте) жана атайын көмөкчү мектепте (жатак мектепте) окутуунун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
41. Конкреттүү жалпы билим берүү уюмунда жалпы орто билим берүүнүн мазмуну мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана жалпы негизги билим берүү программаларынын негизинде аныкталат жана жалпы билим берүү уюму тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
Жалпы билим берүү уюмунда тиешелүү шарттар болгондо окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) суроо-талаптарына жараша ар кандай профилдер жана багыттар боюнча окутуу киргизилиши мүмкүн.
42. Жалпы билим берүү уюмунда окутуу жүргүзүлүп жаткан тил (тилдер) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык уюштуруучу тарабынан аныкталат жана жалпы билим берүү уюмунун уставында көрсөтүлөт.
Жалпы билим берүү уюму кыргыз тилин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары окутууну мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын расмий тили болуп саналган орус тили, ошондой эле бир чет тили ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык окутулат.
Билим берүү процессин уюштурууда жалпы билим берүү уюму окутуу каражаты катары эки же андан көп тилди колдоно алат.
43. Жалпы билим берүү уюму тиешелүү шарттар болгон учурда (педагогикалык кадрлар, окуу-методикалык камсыздоо, материалдык-техникалык жабдуу ж.б.) кошумча билим берүү программаларын ишке ашыра алат жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык жалпы негизги билим берүү программаларынан жогору кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтө алат.
44. Кошумча билим берүү кызматтары жалпы билим берүү уюму менен окуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде окуучулардын жана алардын ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен көрсөтүлөт. Кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
45. Жалпы билим берүү уюму баалоо системасын, окутуунун жана тарбиялоонун формаларын, каражаттарын жана методдорун, ошондой эле окуучуларды которуу экзамендеринин мезгилдүүлүгүн жана формаларын тандоодо ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү чечимин жетекчиликке алат.
46. Жалпы билим берүү уюмундагы билим берүү процесси жыл сайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык жалпы билим берүү уюму өз алдынча иштеп чыгуучу жумушчу окуу планынын негизинде жүргүзүлөт.
47. Окуучулардын окуу жүктөмү мамлекеттик билим берүү стандартында белгиленген жүктөмдүн жол берилүүчү чектелген ченеминен ашпоого жана окуу предметтерин окутууга базистик окуу планында бөлүнгөн сааттардын санынан төмөн болбоого тийиш.
Сабактардын расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жалпы билим берүү уюмдарында окутуунун шарттарына жана уюштурулушуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык түзүлөт.
Жалпы билим берүү уюмдарында жол берилген окуу жүктөмүнүн чегин эске алуу менен беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасы белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Жалпы билим берүү уюмдарында окуу жылы сентябрда башталат.
Жалпы билим берүүнүн I-II-III деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгы мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын мезгилин эсепке албаганда 34 жумадан кем эмес, биринчи класста 32 жуманы жана экинчи класста 33 жуманы түзөт.
Окуу жылындагы каникулдардын узактыгы 30 календардык күндөн кем эмес, жайында – 14 календардык жумадан кем эмес убакытты түзөт. Биринчи класстагы билим алуучулар үчүн окуу жылынын ичинде кошумча эки жумалык каникул, экинчи класста – кошумча бир жумалык каникул белгиленет.
Жалпы билим берүү уюмунун биринчи жана экинчи класстарында сабактын узактыгы 40 мүнөттү, үчүнчү класстан он экинчи класска чейин – 45 мүнөттү түзөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Жалпы билим берүү уюмдарынын ишине мамлекеттик контролду билим берүүнү башкаруунун ыйгарым укуктуу органы жана аймактык органдары жүзөгө ашырат.
50. Мамлекеттик билим берүү стандартына шайкештигине мониторинг жүргүзүү жана көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо максатында жалпы билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте таанылган аккредитациялык агенттиктерден аккредитациядан өтө алат.
6-глава. Жалпы билим берүү уюмунун укуктары жана милдеттери
51. Жалпы билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарына ылайык окуучуларга акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү камсыз кылууга;
2) бекитилген окуу планына жана сабактардын расписаниесине ылайык билим берүү программаларын ишке ашырууну камсыз кылууга;
3) билим алуучулардын жетишүүсүн учурдагы жана аралыктык контролдоону жүзөгө ашырууга жана анын натыйжалары жөнүндө маалыматтык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен окуучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) маалымдоого;
4) билим алуучуларды зарыл окуу китептери менен, анын ичинде ижара негизинде да камсыз кылууга, ошондой эле ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын алкагында жалпы билим берүү уюмунун китепканалык жана маалыматтык ресурстарына акысыз жетүүнү камсыз кылууга;
5) билим алуучулардын арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;
6) өз ыйгарым укуктарынын чегинде ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоону жүзөгө ашырууга;
7) Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жана билим берүү уюмдары тарабынан иштелип чыккан класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы иш программаларына ылайык окуучулар менен тарбиялык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылууга;
8) окуучунун инсандыгын урматтоого, аны физикалык жана психологиялык зомбулуктун, кадыр-баркты басмырлоонун бардык формаларынан, ошондой эле эксплуатациялоонун жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттердин бардык формаларынан сактоого;
9) билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана жалпы билим берүү уюмдарында тарбия иштерин жүргүзүү учурунда окуучунун жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен анын адеп-ахлактык, физикалык жана психологиялык ден соолугун, эмоционалдык бакубаттуулугун чыңдоо үчүн шарттарды камсыз кылууга;
10) билим берүү жана тарбиялоо процессине коюлуучу санитардык жана гигиеналык талаптарды, өрт жана башка коопсуздуктун милдеттүү ченемдерин жана эрежелерин сактоого;
11) колдонуудагы билим берүү жаатындагы мыйзамдардын ченемдерине жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык окуучулардын тамак-аш менен камсыз кылууга;
12) жеке мүнөздөгү маалыматтар жаатындагы мыйзамдарга ылайык окуучулардын инсандыгы жана ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтарды, ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбоону камсыз кылууга, мындай маалыматтарды берүү мыйзамдарда каралган же окуучунун өмүрүн жана ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо;
13) билим алуучунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматка ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) жеткиликтүү болуусун камсыз кылууга;
14) билим алуучулардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) устав, ички тартип эрежелери жана жалпы билим берүү уюмунун билим берүү, тарбиялоо жана административдик ишин жөнгө салуучу башка документтер менен жеткиликтүү формада тааныштырууну камсыз кылууга.
15) бардык билим алуучулар үчүн билим алууга бирдей жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык баланы, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы кабыл алуудан негизсиз баш тартууга жол бербөөгө;
16) билим алуучуларга жана ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана психологиялык кысым көрсөтүүгө жол бербөөгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108, 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
52. Жалпы билим берүү уюму билим алуучу жалпы билим берүү уюмунда жана анын аймагында, ошондой эле жалпы билим берүү уюмунун жана анын аймагынын чегинен тышкары жерде болгон учурда, эгерде мындай болуу жалпы билим берүү уюмунун окуу, тарбиялоо жана башка иштерине ылайык ишке ашырылса, окуу, тарбиялоо жана башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мезгилинде билим алуучунун өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.
53. Жалпы билим берүү уюму төмөнкүлөргө укуктуу:
1) педагогикалык максатка ылайыктуулук менен шартталган окутуу методдорун колдонууга;
2) билим алуучудан окуу жүктөмүн толук көлөмдө аткарууну талап кылууга;
3) билим алуучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) окутуу жана тарбиялоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
4) билим алуучуну жетишкендиктерине жараша баалоого;
5) ыйгарым укуктуу орган жана жалпы билим берүү уюмунун тиешелүү локалдык актысы тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте окутуунун аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга;
6) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарынын ченемдерине ылайык билим алуучуларга кошумча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген категориялардан билим алуучуларды окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынан бошотууга же жеңилдетилген шарттарды белгилөөгө;
8) билим алуучу жана анын ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) тарабынан ички тартип эрежелерин, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана уставды сактоону талап кылууга.
54. Жалпы билим берүү уюму инвестицияларды тартуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте камкорчулук кеңештерин түзүүгө укуктуу.
Жалпы билим берүү уюмунун акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууну жүзөгө ашыруу максатында коомдук фонддорду жана башка уюмдарды түзүүгө, катышууга укугу жок.
Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу жана психологиялык кысым көрсөтүү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Билим алуучулардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) укуктары жана милдеттери
55. Билим алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу;
1) окутуунун каалаган этабында жалпы билим берүү уюмуна кирүүгө жана билим алуунун формасын тандоого;
2) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде сапаттуу милдеттүү жана акысыз жалпы башталгыч жана жалпы негизги билим алууга, ошондой эле акысыз жалпы орто билим алууга;
3) кошумча билим берүү кызматтарын, анын ичинде акы төлөөнүн негизинде алууга;
4) жалпы билим берүү уюмунун маалыматтык ресурстарын, китепканалык, маданий-спорттук жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;
5) жалпы билим берүү уюмунун уставында аныкталган формада аны башкарууга катышууга;
6) балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
7) адамдын кадыр-баркын урматтоого, өз көз карашын жана ишенимин эркин билдирүүгө;
8) коопсуз билим берүү чөйрөсүнө, эксплуатациялоонун ар кандай формаларынан жана ден соолукка зыян келтирүүчү аракеттерден, ошондой эле физикалык жана психологиялык зомбулуктан, кадыр-баркты басмырлоодон коргоого;
9) ден соолукка, моралдык жана руханий өнүгүүгө зыян келтирүүчү маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөөдөн коргоого;
10) медициналык кароого жана алгачкы медициналык жардамды уюштурууга;
11) алардын психологиялык-дене бойлук өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ден соолугунун абалын эске алуу менен окутуу үчүн шарттарды берүүгө;
12) жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү аяктагандан кийин мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтерди өз убагында алууга;
13) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген тартипте акысыз тамактанууга жана медициналык тейлөөгө, жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт менен жеңилдетилген шартта жүрүүгө.
55-1. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), педагогикалык кызматкерлер, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жалпы билим берүү уюмдары билим алуу укугун жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында каралган билим алуучулардын укуктарын жана эркиндиктерин бузгандыгы же мыйзамсыз чектегендеги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
56. Билим алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жалпы билим берүү уюмунун уставын сактоого жана аткарууга;
2) мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
3) жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды, жалпы билим берүү уюмунун башка билим алуучуларынын жана кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого;
4) жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого;
5) жалпы билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоо боюнча, анын ичинде мектеп кийимине карата талаптарын аткарууга;
6) жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө аяр мамиле жасоого жана келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга.
57. Билим алуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) төмөнкүлөргө укуктуу:
1) окууну улантуу үчүн окутуунун каалаган этабында жалпы билим берүү уюмун, ошондой эле билим алуу формасын тандоого жана балдарды ага жиберүүгө;
2) жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын алкагында баланын билим алуу укугун сактоону талап кылууга;
3) билим алуучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, ошондой эле суроолор жана сунуштар менен жалпы билим берүү уюмуна кайрылуу мүмкүнчүлүгүн коргоого;
4) окутуу процессине кийлигишүү укугусуз жана окутуу методдорун өзгөртүү талабы жок окутуунун жана тарбиялоонун методдору колдонулган билим берүүнүн мазмуну менен таанышууга;
5) пландаштырылуучу медициналык текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү жөнүндө маалымат алууга, макулдук берүүгө же мындай текшерүүлөргө катышууга, аларды өткөрүүдөн же аларга катышуудан баш тартууга, текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;
6) жалпы билим берүү уюмун башкарууга жана өнүктүрүүгө, анын ичинде биргелешип башкаруу органдарына, анын ичинде ата-энелер чогулуштарына жана иш-чараларына катышууга;
7) билим алуучунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү жөнүндө маалымат алууга;
8) педагогикалык кеңештин жыйналыштарына жана билим алуучуга тиешелүү маселелер боюнча башка иш-чараларга катышууга;
9) окутуу процессине тиешелүү маселелер боюнча билим берүүнү башкаруунун аймактык органдарына кайрылууга.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 439 токтомунун редакциясына ылайык)
58. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) билим алуучунун окуусу, жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, жалпы башталгыч, негизги жана орто билим алуусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө, анын физикалык жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;
2) билим алуучунун кадыр-баркын сыйлоого, эмгекчилдикти, кайрымдуулукту, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, башка жыныстагыларга, башка улуттарга, мамлекеттик, расмий жана эне тилине, элдик каада-салттарга жана үрп-адаттарга сый мамиле кылууга, сабырдуулукка, зомбулукка, коррупцияга жана басмырлоого карата сабырсыздыкка тарбиялоого;
3) билим алуучунун зомбулуктун бардык формаларынан жана кайдыгерлик мамиледен кол тийбестигин камсыз кылууга;
4) Кыргызстан элинин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга, башка адамдардын укуктарын урматтоого, мекенди сүйүүгө тарбиялоого;
5) жалпы билим берүү уюмунун уставынын өзүнүн укуктарына жана милдеттерине тиешелүү бөлүгүн аткарууга;
6) жалпы билим берүү уюму менен туруктуу кызматташууну колдоого, билим алуучуну окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогикалык кызматкерлердин сунуштарын аткарууга;
7) билим алуучу жалпы билим берүү уюмуна киргенде жана аны окутуу процессинде билим алуучунун инсандыгы жана ден соолугунун абалы жөнүндө зарыл документтерди жана маалыматтарды өз убагында берүүгө;
8) билим алуучунун өзүнүн эсебинен (билим берүү жаатындагы мыйзамдарда жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларында каралган учурлардан тышкары) билим алуучу үчүн зарыл болгон буюмдар менен (жазуу-кеңсе буюмдары, мектеп жана спорт формалары ж.б.) билим алуучу жаш курагына жана муктаждыктарына ылайык келген санда камсыз кылууга;
9) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык билим алуучу тарабынан жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарындагы окуу китептерин ижарага берүү тартибине ылайык жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган окуу китептеринин тизмегине ылайык жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунун окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнү камсыз кылууга;
11) жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде мектептин ашканасында окуучунун тамактануусу үчүн кошумча акы төлөөгө (ысык тамак уюштурулган жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн);
12) мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө, ички тартиптин эрежелерин сактоого, жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин сактоого, жалпы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоо жөнүндө, ошондой эле жалпы билим берүү уюмуна же педагогикалык кызматкерлерге келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик жөнүндө билим алуучуга маалымдоого.
59. Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн билим алуучунун ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) окуучу үчүн тиешелүү шарттардын жоктугу, билим алуучу үчүн жалпы башталгыч, негизги жана орто билим алуу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана жалпы билим берүү уюмунун уставы менен билим алуучулардын жана ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) кошумча укуктары жана милдеттери аныкталышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 108 токтомунун редакциясына ылайык)
60. Окутуунун ак ниеттүү жана коопсуз чөйрөсүн түзүү, жалпы билим берүү уюму менен ата-энелер коомчулугунун, жалпы билим берүү уюму менен билим алуучунун ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) ортосунда өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү келишимдин негизинде ата-энелер келишими түзүлөт.
61. Жалпы билим берүү уюмундагы тартип билим берүү процессинин бардык катышуучуларынын адамдык кадыр-баркты урматтоосунун негизинде сакталат.
Билим алуучуларга карата физикалык, эмоционалдык жана психикалык зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт.
Билим алуучуларды коомдук-саясий жана диний партияларга жана уюмдарга, аскерлештирилген кошуундарга, ошондой эле бул партиялар менен уюмдардын ишине, үгүт кампанияларына жана саясий акцияларга катышууга мажбурлап тартууга тыюу салынат.
62. Билим алуучунун ата-энеси (мыйзамдуу өкүлдөрү) жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Жалпы билим берүү уюмдарында кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жобого ылайык акы төлөнүүчү негизде кошумча билим берүү кызматтарын ала алышат (ыктыярдуу негизде).
63. Жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнүн негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоо менен аяктайт.
64. Тиешелүү класстагы негизги жалпы билим берүү программаларын толук көлөмдө өздөштүргөн билим алуучулар жалпы билим берүү уюмунун педагогикалык кеңешинин чечими боюнча кийинки класска которулат.
Мурунку класстагы (деңгээлдеги) негизги жалпы билим берүү программаларын өздөштүрбөгөн билим алуучунун жалпы билим берүү уюмунун кийинки классында (деңгээлине) окуусуна жол берилбейт.