Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 1-сентябры № 3-д
Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы № 64 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү өркүндөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, 2024-жылдын 5-апрелиндеги №90 “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө" токтомунун 18-пунктунун 7-пунктчасын жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Сактоо мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде түзүлүүчү типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмеги (мындан ары - Типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмеги) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өз иштеринде ушул буйрук менен бекитилген Типтүү башкаруучу архивдик документтердин тизмегин колдонушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин архив иши боюнча сектору:
- үч иш күндүн ичинде:
ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
расмий жарыяланган күндөн тартып ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
буйрук күчүнө кирген күндөн тартып анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыз кылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары З.К.Кожомуратовго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы № 346 “Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн типтүү башкаруу документтеринин типтүү тизмесин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасы санариптик өнүктүрүү министри |
Н.А. Кутнаева |