Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 6-сентябры ПЖ № 255
Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын ысымын "Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы" мекемесине ыйгаруу жөнүндө
Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын кыргыз-түрк мамилелерин чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымын таанып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. "Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы" мекемесине Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдогандын ысымы ыйгарылсын жана мындан ары ал "Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасы" мекемеси деп аталсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |