ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XX (жыйырманчы) сессиясы
2023-жылдын 11-сентябры № 147/XX-28
Сарчаев Калдыбек Асанбаевичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Тогуз-Булак айылынын тургундарынын “Сарчаев Калдыбек Асанбаевичке “Ысык-Ата айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө” кайрылуу каты менен Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары таанышып, талкуулап чыгып, Ысык-Ата айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-пунктусунун негизинде Сарчаев Калдыбек Асанбаевичтин көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарчаев Калдыбек Асанбаевичке Ысык-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык иштер, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
3. Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |