ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XX (жыйырманчы) сессиясы
2023-жылдын 11-сентябры № 149/XX-28
Алмалуу айылындагы Б.Казымкулов көчөсүндө жайгашкан 0,11га жер тилкесин «дүкөн» курууга бекитип берүү жөнүндө
«Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылына караштуу Б.Казымкулов көчөсүндө жайгашкан 0,11га жер тилкесин «дүкөн» курууга бекитип берүү жөнүндө» маселени Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,32-п.4-беренелеринин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айыл аймагынын Алмалуу айылына караштуу Б.Казымкулов көчөсүндө жайгашкан 0,11га жер тилкесин «дүкөн» курууга бекитилип берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынын мыйзам чегинде каттоо жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |