Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 115
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө”№370 жарлыгын аткарууга алуу максатында 2024-жылдын 5-сентябрындагы айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде депутаттар арасында кенири талкууланып карап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVII сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 жарлыгын аткарууга алуу колдоого алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө”№370 жарлыгын аткарууга алуу үчүн, Суу-Башы айыл аймагына Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум жана Кара-Булак айылдары кошулуп жаныдан Суу-Башы айыл аймагы болуп түзүлгөндүгүнө макулдук берилсин.
3. Административдик –аймактык түзүлүштүн алкагында жаны уюшулган Суу-Башы айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Бөрүев |