Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 116
Суу-Башы айыл аймагынын 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджеттик комитетинин жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVII сессиясы токтом кылат:
1. Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы жана бирдиктүү салык Республикалык бюджетине өткөндүгүнө байланыштуу жер салыгы Республикалык бюджеттен келип түшкөн 18,1(он сегиз мин бир жүз)сом 2215 “Түрдүү кызматтар” статьясына кошулуп, көбөйтүлүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бөрүев |