Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 117
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясынын макулдук берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 20-августундагы №112 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундаы № 241 мыйзамынын 17- беренисине ылайык, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүнүн негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясынын макулдук берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 20-августундагы №112 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү максатында Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVII сессиясы токтом кылат:
1. №130-контурундагы 0,30га жайыт жер, № 131-контурундагы 2,65га жайыт жер, № 296-контурундагы 1га жайыт жер,№136-контурундагы 4,22га жайыт жерлеринин жалпы аянты 3,95га жер аянты болуп туура эмес жазылгандыгына байланыштуу жалпы 8,17га жайыт жер аянты болуп өзгөртүлүп, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы асылдуулугу төмөн айыл чарба жерин өздөштүрүү үчүн жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн 8,17га жер аянтын көп жылдык мөмө-жемиш бактарына айландыруу максатында,”Жайыт”жер түрүнөн “Айыл-чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.
2 . Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Бөрүев |