Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры  № 118

 Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын кайрылуусун жана Айгул-Таш айылынын ата-энелеринин арызын  кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №519 токтомуна ылайык Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Кара-Токой” гимназия-мектебинин директору Садыкова Ыкыбалдын  жана Айгүл-Таш айылынын ата-энелеринин арызындагы мектеп жатаканасы маселесин  окуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз  ХХХVII сессиясы токтом кылат:

 

  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы “Кара-Токой” гимназия- мектебинин гимназия статусу жоюлгандыгына байланыштуу гимназиянын жатаканасын, мектеп алдындагы жатакана кылып кайрадан уюштурууга макулдук   берилсин.

 

 

  1. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

А.Бөрүев