Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 29-августу № 3
Раззаков шаарынын аймагындагы калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффиценттерди бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын аймагындагы калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффиценттерди бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын аймагындагы калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффиценттери тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет.)
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |
Раззаков шаардык Кеңешинин 2024-жылдын
29-августундагы кезексиз XXXV сессиясынын
№3 токтомуна тиркеме
Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетине түшүүчү салыктардын өлчөмү жөнүндө
№ | Аталышы | Салыктын түрү | 2025-2027-жылга |
1 |
Жер салыгы (үлүш) | Сугат | 327,67 |
Кайрак | 48,6 | ||
Көп жылдык дарак | 227,6 | ||
Чөп чабынды | 24,3 | ||
Жайыт | 7,7 | ||
2 | Айыл чарбасына арналбаган жер салыгы | Коэффицент | Кз-1 |
3 | Тамарка салыгы | Коэффицент | Кз-1 |
Раззаков шаардык
Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Н.Туяков