Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 29-августу № 4
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн муниципалдык менчик департаментине контрактык негизде 7 штаттык бирдигин алууга макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн муниципалдык менчик департаментине контрактык негизде 7 штаттык бирдигин алууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн муниципалдык менчик департаментине контрактык негизде 7 штаттык бирдигин алууга макулдук берилсин.
2. Контрактык негизде штаттык бирдиктерди алууда Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык иш жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |