Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 29-августу № 5
Раззаков шаарына караштуу Бозогул участкасынын тургуну К.Жумаевага компенсация төлөөгө макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу Бозогул участкасынын тургуну К.Жумаевага компенсация төлөөгө макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 284-, 281-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына, 23318-, 23317-беренесинин 1-2 пунктарына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарына караштуу Бозогул участкасынын тургуну Жумаева Карасач Абдуазизовнага (ИНН 11809198901869) 382500сом өлчөмүндө компенсация төлөөгө макулдук берилсин.
2. Жайыт бөлүмүнүн 2215 чыгашалар беренесинен 382500сом акча каражаты Раззаков шаарынын мэриясынын аппарат бөлүмүнүн 22152900 чыгашалар беренесине жылдырууга макулдук берилсин.
3. Компенсация төлөөдө Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык иш жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |