Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 29-августу № 7
Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарына караштуу №714 контурундагы 0,20га, №557-контурундагы 0,20га, №659-контурундагы 0,50га, №788-контурундагы 1,40га, №19-контурундагы 0,50га жана №121-контурундагы 0,50 жер тилкелерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүү жагы Раззаков шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |