Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 29-августу № 8
Раззаков шаарынын аймагында курулган кызматтык турак жайларды жана Исхак Раззаковдун эстелигин, эстелик турган жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаарынын аймагында курулган кызматтык турак жайларды жана Исхак Раззаковдун эстелигин, эстелик турган жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын аймагында курулган кызматтык турак жайларды жана Исхак Раззаковдун эстелигин, эстелик турган жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |