Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 29-августу № 9
Раззаков шаардык Кеңешинин токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын Раззаков шаардык Кеңешинин бир катар токтомдоруна өзгөтүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы “Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 27-январындагы №4 жана 9-июнундагы №5 токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” №3 токтомунун 1-пунктундагы “Аймактык өзүн-өзү башкаруу комитетине” деген сөздөр жокко чыгарылсын жана анын ордуна “Айылына” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 9-июнундагы “Раззаков шаарына караштуу Кара-Таш, Беш-Бала участкаларын Самат аймактык өзүн-өзү башкаруу комитетине кошууга макулдук берүү жөнүндө” №5 токтомундагы “Аймактык өзүн-өзү башкаруу комитетине” деген сөздөр жокко чыгарылсын жана ал сөздөрдүн ордуна “Айылына” деген сөздөр менен толукталсын.
3. Раззаков шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 21-майындагы “Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө” №1 токтому менен бекитилген комиссия курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Разакбердиев Анваржон Облобердиевичтин ордуна Далиев Бахтиер Акбаралиевич ал эми Курбанов Тойиржондун ордуна Шарипов Шадымурат Таджимуратовичтер киргизилсин.
4. Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 1-мартындагы “Исфана шаар мэриясындагы атайын техника үчүн жана муниципалдык менчик департаментине кошумча штаттык бирдиктерди бекитип берүү жөнүндө” №6 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Раззаков шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 11-октябрындагы “Раззаков шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине атайын техника үчүн 1 штаттык бирдик жана жүк ташуучу унаанын кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө” №2 токтомунун 1-пунктундагы “Алдындагы муниципалдык менчик департаментине атайын техника үчүн 1 штаттык бирдик жана ” деген сөздөр күчүн жоготту деп табылсын.
6. Раззаков шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 7-мартындагы “Раззаков шаарына караштуу жер тилкелерин бир категориядан экинчи бир категорияга которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө” №3 токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
№872 деген сөз №864 сөзгө жана 3,0га жайыт жер тилкеси жана №869,864,873,874 контурундагы жерлер өндүрүштүк багыттан калктуу конуштардын астындагы жерлердин категориясына деген сөздөр менен толукталсын.
7. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfanacity.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |