Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)
2024-жылдын 29-августу № 10
“Раззаков шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине жана Раззаков шаардык Кеңешинин “Раззаков шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобосуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаарынын Раззаков шаарынын тургундары Кундузов Болотбек Акылбековичке жана Байбабаев Камилжонго Раззаков шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын жана күбөлүк менен төш белги берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт жана саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү, экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Б.Айтемиров |