Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №37
“Субанбеков Жусупту «Райондун ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө”
Атай айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Субанбеков Жусупту райондун «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүү боюнча айыл өкмөт башчы А.К.Жаныбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын тургуну Субанбеков Жусупту райондун «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүү боюнча айыл өкмөт башчы А.К.Жаныбаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына Субанбеков Жусупту райондун «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүү боюнча сунуш берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Жеенбаев |