АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №36
“Коомдук уугуну бекитүү жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчысы З.Ташматовдун 2025-жылга карата күтүлүүчү бюджет 12594 миң сом, корголгон берене 2262 миң сом болуп эсептелген болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бюджеттик кодексинин 79-берененин 8-бөлүмүнүн негизинде 2024-жылдын 1-августунда жергиликтүү Кеӊеш менен биргеликте өтүлгөн коомдук угуу алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке жана финансы-экономикалык бөлүм башчысы З.Ташматовко милдеттендирилсин.
- Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Т. Жеенбаев |