Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №35
““Атай” муниципалдык ишканасынын карамагындагы тракторлордун аренда акысын 150 000 (жүз элүү миң) сомдон бекитип берүү”
“Атай” муниципалдык ишканасынын карамагындагы арендага берилген тракторлордун аренда акысын 150 000 (жүз элүү миң) сомдон бекитип берүү боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Атай” муниципалдык ишканасынын карамагындагы арендага берилген тракторлордун аренда акысы 150 000 (жүз элүү миң) сомдон деп белгиленсин жана арендаторлор менен келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Жеенбаев |