Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №34
“Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы иштетилбей бош калган айыл чарба жерлерин, муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө”
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы ээси жок, бош жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагындагы иштетилбей бош калган айыл чарба багытындагы жерлер такталып муниципалдык менчикке өткөрүлсүн.
2. Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 20.05.2024-жылдагы кезектеги ачык IV сессиясындагы Ноот, Ак-Терек жана Стадиондун жерлерин тактоо боюнча тапшырма аткарылбагандыгына байланыштуу жогорудагы жер участоктору такталып, кийинки кезектеги сессияга сунушталсын.
3. Жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча мыйзамдуу иш алып баруу жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси П.Наймановага жана айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Жеенбаев |