Редакцияот 29.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-майы № 2112-VII

 

"2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2024-жылдын 22-январында Бишкек шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2024-жылдын 10-майындагы чыг. № 24-3885) "2021-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатындагы Индия Республикасынын гранттык жардамы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 2024-жылдын 22-январында Бишкек шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Н.Сыдыгалиев