Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 19-июлу № 431-т
Ата мекендик продукцияны экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын рыногунда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2024-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасына экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча жол картасы (мындан ары - Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору:
1) Жол картасын белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 46-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
2024-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасына экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Чаралар/аракеттер | Күтүлгөн натыйжа | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар |
1-глава. КР продукциясынын КЭР рыногуна жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштер жана КЭРге экспортту колдоо боюнча мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу (жөнгө салуучу тоскоолдуктар) | ||||
1 | КЭР БББ менен тамак-ашты кайра иштетүү продукциясы боюнча "China Import Food Enterprises Registration" системасына кирүү мүмкүндүгүн (ачкычты) алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү | Тамак-ашты кайра иштетүү продукциясы боюнча "China Import Food Enterprises Registration" системасына кирүү мүмкүндүгүн алуу | 2024-жылдын 30-сентябры | СӨ, ТИМ, САЧКӨМ, КЭ |
2 | Кашкар шаарына (Топудан айланып өтүп) чейин ташууну уюштуруу үчүн Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин актылары боюнча КЭР менен маселени иштеп чыгуу | Бүткүл дүйнөлүк почта бирлигинин актыларына ылайык товарларды тиешелүү кампаларда топтоо боюнча практиканы берүү жөнүндө КЭРге суроо-талап жиберүү | 2024-жылдын 30-сентябры | КЭ, "Кыргыз почтасы" ААК, МБК, ТИМ |
3 | "China Import Food Enterprises Registration" системасын колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү үчүн окутууну уюштуруу | "China Import Food Enterprises Registration" системасын колдонуу боюнча мамлекеттик органдардын жана бизнес-ассоциациялардын кызматкерлерин окутуу боюнча кытай тарапка суроо-талап жиберүү | 2024-жылдын 31-декабры, Жыл сайын | САЧКӨМ, КЭ, СӨ, ТИМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) |
4 | Сапат, коопсуздук, ден соолук жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында эл аралык кардарлар үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүүчү болуп саналган Сертификаттоо жана инспекциялоо боюнча кытай тобунун филиалын ачуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу | КР аймагында Сертификаттоо жана инспекциялоо боюнча кытай тобунун өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюу; | 2024-жылдын декабры | СМБ, ЭКМ, ТИМ |
КР аймагында Сертификаттоо жана инспекциялоо боюнча кытай тобунун филиалын ачуу | 2025-жылдын марты | |||
5 | КРден КНРге импорттолуучу продукциянын реестрин кеңейтүү | Өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылыгы продукциясынын кытай рыногуна экспорттоо боюнча КЭР менен кол коюлган протоколдордун тизмегин кеңейтүү; КЭРге экспорттоого ветеринардык жана фитосанитардык талаптарды макулдашуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу | 2024-жылдын ноябры | САЧКӨМ, КЭ, СӨ, ЭКМ, ТИМ |
6 | КЭРдин импорттоочулар реестрине киргизүү боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана КР экспорттоочуларына көмөк көрсөтүү | КЭРдин импорттоочулар реестрине ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды киргизүү | Дайыма | САЧКӨМ, ВК, КӨОАЧД |
7 | Евразия экономикалык бирлигинин үчүнчү өлкөлөрү менен соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө макулдашуунун алкагында шайкештикти баалоонун натыйжаларын өз ара таануу маселесин иштеп чыгуу | Евразия экономикалык комиссиясы менен КЭРдин ортосундагы талкууларга катышуу | Евразия экономикалык комиссиясынын планы боюнча | ЭКМ, САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, КЭ, ТИМ, СМБ |
8 | Уюштуруучулары Кытай Эл Республикасынын Улуттук метрология илимий-изилдөө институту жана Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча башкармалыгы болуп саналган 8-ЭКСПОнун алкагында "Кытай-Борбордук Азия метрологиялык кызматташуу боюнча" форумга катышуу жана метрология жана стандартташтыруу тармагында кызматташуу боюнча документтерге кол коюу маселелерин иштеп чыгуу | Катышуу жана кол коюу: - Пан - Борбордук Азия регионунда туруктуу өнүгүүнү колдоо боюнча өкмөттөр аралык метрология ведомстволорунун биргелешкен декларациясы; - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Кытай Эл Республикасынын Улуттук метрология институтунун ортосундагы Метрология тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум | 2024-жылдын июлу | ЭКМ, СМБ |
9 | Ата мекендик продукцияны КЭР рыногуна андан ары экспорттоо максатында стандарттардын жана башка техникалык документтердин зарыл базасын түзүү (башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуу менен) | Стандартташтыруу боюнча документтерди КР аймагында кабыл алуу жана аларды кызыкдар тараптарга берүү | Дайыма (Стандартташтыруу боюнча документтерди жарыялоо, сатуу жана таратуу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандан кийин) | СМБ |
10 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Кытай Эл Республикасынын Стандартташтыруу боюнча администрациясынын Маалымат борборунун ортосундагы макулдашууга кол коюу | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Кытай Эл Республикасынын Стандартташтыруу боюнча администрациясынын Маалымат борборунун ортосундагы Стандартташтыруу боюнча документтерди жарыялоо, сатуу жана таратуу жөнүндө макулдашууга кол коюу | 2024-жылдын декабры | СМБ, ЭКМ |
11 | Ветеринардык жана фитосанитардык маселелерди андан ары иштеп чыгуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү түзүү жана эки тараптын тең байланышуучу адамдарын аныктоо | Ветеринардык жана фитосанитардык маселелерди андан ары иштеп чыгуу үчүн КЭР тарабынан өз ара аракеттенүүнү түзүү, байланыш маалыматтарын аныктоо | 2024-жылдын августу | САЧКӨМ, ВК, КӨОАЧД, КЭ, СӨ |
2-глава. КР продукциясын экспорттоо үчүн соода-логистикалык инфраструктураны жана шарттарды жакшыртуу (логистикалык тоскоолдуктар) | ||||
12 | КЭР БББ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана КЭР БББ менен КР САЧКӨМ ортосундагы Жашыл коридор боюнча продукцияны импорттоо жөнүндө макулдашууну актуалдаштыруу, ошондой эле жүк ташуучулар менен "жашыл коридор" жол-жобосу боюнча биринчи жеткирүүлөрдү иштеп чыгуу | "Жашыл коридор" боюнча өтүү үчүн продукциянын тизмесин аныктоо. "Жашыл коридор" жол-жобосун колдонуу менен экспорттук берүүлөрдү жандандыруу | 2024-жылдын 30-сентябры | САЧКӨМ, ТИМ, МБК |
13 | Бонд зоналары жөнүндө макулдашуунун жана Соода үйлөрү жөнүндө келишимдердин алкагында кытай операторлорунун өкүлдөрү менен биргеликте КРдин Кашкар шаарындагы жана Үрүмчү шаарындагы бонд кампаларын кургак кампанын жана муздаткыч кампасынын иштеши үчүн зарыл болгон жабдыктар менен кошумча жабдуу | КРдин Кашкар шаарындагы жана Үрүмчү шаарындагы бонд кампаларын зарыл жабдыктар менен жабдуу | 2024-жылдын 31-декабры | "Кыргыз почтасы" ААК, КЭ, САЧКӨМ |
14 | КРден продукциянын кеңири тизмегин экспорттоо үчүн КЭР аймагында (тактап айтканда Синьцзян-Уйгур автономиялык району) көзөмөлдөө кампасын/кампаларын куруу жана ишин уюштуруу маселесин изилдөө | КЭР мыйзамдарына ылайык көзөмөлдөө кампаларынын типтери жөнүндө маалыматты аныктоо; көзөмөлдөө кампаларынын түрлөрү боюнча экспорттук продукциянын тизмесин аныктоо; КЭРдин аймагында КР көзөмөлдөө кампаларын куруу, ачуу жана иштетүү үчүн укуктук келишимдик алкактарды аныктоо | 2024-жылдын 30-сентябры | КЭ, ЭКМ, САЧКӨМ, ТИМ |
3-глава. КЭР рыногуна кирүү шарттары боюнча КР экспортерлорун аналитикалык жана консультациялык колдоо (маалыматтык тоскоолдуктар) | ||||
15 | КЭР талаптарына бир кыйла шайкеш келген ата мекендик ишканалардын тизмесин аныктоо | КЭР талаптарына бир кыйла шайкеш келген ата мекендик ишканалардын тизмесин аныктоо, алардын тажрыйбасын үйрөнүү жана кызыкдар компанияларга жайылтуу | 2024-жылдын июлу. Дайыма | КЭ, САЧКӨМ, СӨ, ТИМ |
16 | КЭРге импорттоодо трансчек аралык сооданын жол-жоболоруна талдоо жүргүзүү жана КЭРдин Кашкар, Үрүмчү жана Сиань шаарларындагы соода үйлөрү аркылуу электрондук соода аянтчаларына жеткирүүлөр үчүн экспорт боюнча алгоритмди даярдоо | Трансчек аралык соода режими боюнча продукцияны экспорттоо этаптарын аныктоо; электрондук соода аянтчаларына экспортко кызыкдар экспортерлорго маалымдоо боюнча ишти жүргүзүү | 2024-жылдын августу. Дайыма | КЭ, МБК |
17 | КЭРге өсүмдүк, тамак-аш жана мал чарба продукцияларын экспорттоо үчүн ишкерлердин иш-аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгуу | КЭРге өсүмдүк продукциясын экспорттоо үчүн КР экспортерлорунун жана ишкерлердин арасында иш-аракеттердин алгоритмин иштеп чыгуу жана жайылтуу | 2024-жылдын августу | САЧКӨМ, КӨОАЧД, ВК, КЭ, СӨ |
18 | КР экспортерлоруна КЭР БББнын "China Import Food Enterprises Registration" системасына катталуу жөнүндө маалымдоо | "China Import Food Enterprises Registration" системасына катталуу боюнча нускамаларды иштеп чыгуу. КР экспортерлору үчүн видеоконференция байланыш боюнча семинарларды өткөрүү | 2024-жылдын июлу. Дайыма | КЭ, САЧКӨМ |
19 | КЭР рыногуна кирүү боюнча талаптарды жана шарттарды талдоону даярдоо жана КР экспортерлоруна жайылтуу | КЭР рынокторуна кирүү боюнча кадамдык колдонмону иштеп чыгуу | 2024-жылдын июлу. Дайыма | КЭ, СӨ |
20 | "КРден КЭРге тамак-аш продукцияларын экспорттоо маселелери" буклетин чыгаруу | Электрондук буклетти КР ЭКМдин жана export, gov.kg сайттарына жайгаштыруу; КЭР рыногуна кирүүнүн негизги маселелери боюнча видеороликти иштеп чыгуу | 2024-жылдын декабры | КЭ, ЭКМ |
21 | Продукциянын импортун жөнгө салуучу КЭР мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына туруктуу талдоо жүргүзүү | Сапаттын жана тамак-аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарына (Codex Alimentarius, ISO, сапат жана тамак-аш коопсуздугунун башка стандарттары) катышты талдоону кошкондо, тамак-аш коопсуздугу жана башка артыкчылыктуу продукция боюнча импортту жөнгө салуу боюнча КЭР мыйзамдарын талдоонун ички регламентин иштеп чыгуу | Дайыма | КЭ, СӨ, СМБ, ЭКМ, САЧКӨМ, ТИМ |
22 | КЭР стандарттары боюнча маалыматтарды жайылтуу | КЭРдеги өндүрүүчүлөр жана экспортерлор арасында маалыматты жайылтуу | Дайыма | КЭ, СӨ, ТИМ, СМБ, ЭКМ, САЧКӨМ |
4-глава. КЭР рыногунда продукцияларды илгерилетүү боюнча КР экспортерлорун колдоо (маркетингдик тоскоолдуктар) | ||||
23 | КР ЭКМге караштуу соода өкүлчүлүктөрү менен Кашкар, Үрүмчү жана Сиань шаарларындагы авторизацияланган операторлордун ортосунда соода үйлөрүнүн ишин уюштуруу жана ишке киргизүү | КЭРдеги КР соода үйлөрүнүн операторлорун авторизациялоо жөнүндө 3 келишимди түзүү; экспорттук потенциал, туристтик мүмкүнчүлүктөр, экспортерлор жана инвестициялык долбоорлор тууралуу промо материалдарды даярдоо | 2024-жылдын декабры | СӨ, КЭ, ТД |
24 | КЭР маркетплейстеринде карточкаларды каттоо үчүн экспортерлор жана экспорттук продукция жөнүндө маалыматтарды (маалыматтын мазмуну, талап, продукцияны маркалоо, продукциянын сүрөттөрү) топтоо | Экспорттук продукция боюнча карточкаларды КЭР маркетплейстеринде каттоо | 2024-жылдын декабры. Дайыма | КЭ, СӨ, САЧКӨМ |
25 | Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында кыргыз жана кытай ишкерлеринин ортосунда бизнес-форумду уюштуруу | Кыргыз жана кытай ишкерлеринин катышуусу менен соода-экономикалык форумдарды/тегерек столдорду/бизнес-форумдарды уюштуруу | 2024-жылдын августу | КЭ, СӨ, ТИМ, ЭКМ |
26 | КР потенциалдуу экспортерлорунун КЭРдин адистештирилген көргөзмөлөрүнө катышуусун уюштуруу | КЭРде өткөрүлгөн адистештирилген көргөзмөлөргө КР ишкерлеринин катышуусун уюштуруу: | Дайыма. | КЭ, СӨ, ТИМ, ЭКМ |
2024-жылы: |
| |||
- Каши көргөзмөсү (Кашкар, КЭР); | 2024-жылдын августу. | |||
- Евразия - Кытай көргөзмөсү (Үрүмчү, КЭР); | 2024-жылдын июль-августу. | |||
Шанхай көргөзмөсү (Шанхай, КЭР); | 2024-жылдын ноябры. | |||
2025-жылы: |
| |||
- Евразия - Кытай көргөзмөсү (Үрүмчү, КЭР); | 2025-жылдын июль-августу. | |||
- Шанхай көргөзмөсү (Шанхай, КЭР) | 2025-жылдын ноябры | |||
27 | Эки тараптуу өкмөттөр аралык комиссиялардын, КР жетекчилигинин визиттеринин, адистештирилген бизнес- делегациялардын алкагында КР экспортерлорунун КЭРдеги соода миссияларын уюштуруу | КР ишкерлеринин КЭРдеги соода миссияларына катышуусун уюштуруу | Дайыма | СӨ, КЭ, ТИМ, ЭКМ |
28 | КР продукцияларын экспорттоо боюнча контракттарга, келишимдерге, меморандумдарга, макулдашууларга жана башка документтерге кол коюу боюнча бизнес-коомчулукка көмөктөшүү | 2024-жылы: КЭРге экспорттоо боюнча 3төн (үч) кем эмес контрактка кол коюу 2025-жылы: КЭРге экспорттоо боюнча 10дон (он) кем эмес контрактка кол коюу | Дайыма | КЭ, СӨ, САЧКӨМ, ТИМ, ЭКМ |
29 | Кытай рыногуна андан ары экспорттоо максатында кыргыз айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн биргелешкен ишканаларын түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу | Кытай рыногуна андан ары экспорттоо максатында кыргыз айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү | 2024-жылдын октябры | САЧКӨМ, КЭ, СӨ, ЭКМ, ТИМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
ВК | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат |
КЭР БББ | - | Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ТД | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти |
КӨОАЧД | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти |
КЭР | - | Кытай Эл Республикасы |
КР | - | Кыргыз Республикасы |
КЭ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ТИМ | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
"Кыргыз почтасы" ААК | - | "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому |
СӨ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытай Эл Республикасындагы соода өкүлчүлүгү |
СМБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору |