Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №32
“Атай айыл аймагындагы Жайыт жерлер үлүш жерлер менен чектеш жайгашкандыктан , чөп чабындыга которуу жөнүндө”
Атай айыл аймагындагы үлүш жерлери менен чектеш жайгашкан жайыт жерлерин, чөп чабындыга которуу боюнча Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагындагы үлүш жерлер менен чектеш жайгашкан жайыт жерлер айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин чөп чабынды түрүнө которулсун.
2. Жайыт жерлерин, айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин чөп чабынды жерлер түрүнө которуу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Атай айыл аймагынын жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси П.Наймановага жана айыл өкмөт башчы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Аталган токтом расмий жарыялангандан кийин , Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Топоев Сталбек Медетбековичке тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Жеенбаев |