АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №29
“Атай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын Уставын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча, Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматованын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Атай айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
- Кабыл алынган токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Аталган токтом, тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
- Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: | Н.Т. Жээнбаев |