Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 23-июлу № 442-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолууга тийиш болгон аквакультура продукциясына карата инспекциялоо, карантин жана санитардык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолууга тийиш болгон аквакультура продукциясына карата инспекциялоо, карантин жана санитардык талаптар жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Министрлик) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - БББ) достук консультациялар аркылуу жана тиешелүү өлкөлөрдүн колдонуудагы мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына (мындан ары - КЭР) экспорттолууга тийиш аквакультура продукциясына инспекция, карантин жана санитардык талаптар жөнүндө төмөнкүдөй макулдашууга жетишти.
1-берене.
Министрлик жана БББ (мындан ары - Тараптар) Кыргыз Республикасында жана Кытай Эл Республикасында тиешелүү түрдө ушул Протоколду жүзөгө ашыруу боюнча аткаруу органы болуп саналат.
2-берене.
Ушул Протоколдогу аквакультура продукттары КЭРдеги СИТЕС тиркемелерине жана мамлекеттик кайтаруудагы жапайы жаныбарлардын тизмесине (LSKPWA), тирүү суу жаныбарларына жана суу жаныбарларын жана өсүмдүктөрдү көбөйтүү үчүн материалдарга киргизилген түрлөргө эмес, адамдын керектөөсү үчүн жарактуу болгон аквакультуранын жаныбарлардан алынган продукттарына жана балырлар ж.б. сыяктуу деңиз өсүмдүк продукттарына кирет. Аквакультура продукттарынын тизмеги ушул Протоколго тиркелет.
3-берене.
Ушул Протоколдун алкагында Министрлик БББнын талаптарына ылайык КЭРге экспорттоого арналган аквакультура продукциясын инспекциялоо жана карантинге алуу, ошондой эле эки Тарап тең тастыктаган санитардык сертификаттарды берүү үчүн жоопкерчилик тартат.
4-берене.
Министрлик БББны тамак-аш продукттарынын коопсуздугунун жана аквакультура продукттарын өстүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу, эпидемиялык ооруларга каршы күрөшүү, тестирлөө, которуштуруп жүктөө, экспорттоо ж.б. сыяктуу санитардык көзөмөлдүн бардык аспекттерин жөнгө салуучу өзүнүн ички мыйзамдары жана ченемдик актылары менен тааныштырышы, ошондой эле инспекция жана карантинге алуу жол-жоболорун, сыноо үлгүлөрүн, лабораториялык сыноо ыкмаларын жана стандарттарды бериши керек.
Министрлик мезгил-мезгили менен БББга химиялык заттардын калдыктарына, булгоочу заттарга, эпидемиялык ооруларга, патогендик микроорганизмдерди көзөмөлдөөгө мониторинг жүргүзүүнүн улуттук планын жана мурдагы жылдар үчүн тиешелүү жылдык жыйынтыкталган отчетту берип турууга милдеттүү. Зарылдыгына жараша ядролук радиацияга жана башка айлана-чөйрөнү булгоочу заттарга мониторинг жүргүзүү жөнүндө отчеттор да киргизилет.
Министрлик КЭРге экспорттоо үчүн аквакультура продукциясы менен байланышкан аквакультура фермаларында жана кайра иштетүүчү ишканаларда компетенттүү органдардын динамикалык көзөмөлү жана текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматты БББга үзгүлтүксүз берип турууга тийиш.
5-берене.
КЭРге аквакультура продукциясын экспорттоого ниеттенген ишканалар (анын ичинде кайра иштетүүчү ишканалар, көз карандысыз муздаткыч камералар) жана аквакультура фермалары жактырылышы жана Министрликтин натыйжалуу көзөмөлүндө болушу керек, ал эми ишканалардагы санитардык шарттар Кыргыз Республикасынын жана КЭРдин тамак-аш продукттарынын коопсуздугу жөнүндө тиешелүү мыйзамдарына жана ченемдик актыларына шайкеш келиши керек.
КЭРге аквакультура продукциясын экспорттоочу ишканалар Министрлик тарабынан КЭРдин Тамак-аш продукттарынын коопсуздугу жөнүндө мыйзамына жана анын имплементациялык регламентине, КЭРдин кирген жана чыккан жерлериндеги жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө мыйзамына жана аны колдонуу эрежелерине ылайык БББга каттоо үчүн сунушталууга тийиш, Болбосо катталбаган ишканалардан аквакультура продукциясын КЭРге алып кирүүгө уруксат берилбейт.
6-берене.
Министрлик КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясы төмөнкү талаптарга жооп берет деп кепилдик берет:
(i) Продукция жергиликтүү сууларда өстүрүлөт.
(ii) Чийки зат да, аквакультура продукциясы да ушул Протоколдун 9-беренесинде аталган көйгөйлөргө кабылган эмес.
(iii) Кыргыз Республикасы жана КЭР тарабынан тике же кыйыр түрдө тыюу салынган дары-дармектер же кошумчалар колдонулбайт (мисалы, тоютта колдонулган) зарыл болгондо илимий максаттарда Кыргыз Республикасы жана КЭР тарабынан чектелген же уруксат берилген дары-дармектер же кошумчалар колдонулат. Продукттар компетенттүү орган тарабынан текшерилет жана карантинге жайгаштырылат жана кандайдыр бир патогендик микроорганизмдерди, уулуу жана зыяндуу заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана КЭРдин тамак-аш продукттарынын коопсуздугунун мыйзамдарында, ченемдик актыларында жана улуттук стандарттарында белгиленген бөтөн заттарды камтыбайт.
(iv) Компетенттүү орган тарабынан текшерилген жана карантинге жайгаштырылган аквакультуранын бардык продукттары таза, коопсуз жана адамдын керектөөсү үчүн жарактуу болуп саналат, инфекциялык оорулар, мите оорулар жана патологиялык өзгөрүүлөрдүн клиникалык белгилери жок, ошондой эле Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмга (ЖДБУ) милдеттүү түрдө маалымат берүү менен КЭРге импорттолуучу жаныбарлар үчүн карантиндик оорулардын тизмегинде аталган суу жаныбарларынын ооруларына кабылган эмес.
(v) Продукцияны өстүрүүнүн, кайра иштетүүнүн, таңгактоонун, сактоонун, ташуунун, которуштуруп жүктөөнүн жана экспорттоонун жалпы процесси эки Тараптын тең гигиеналык жана байкоо талаптарына, ошондой эле муздаткыч чынжырынын коопсуздук жана гигиеналык талаптарына жооп бериши керек.
7-берене.
КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясынын (бүтүндөй көк тунецти кошпогондо) сырткы таңгагы жана өзүнчө ички таңгагы болууга, ошондой эле эл аралык гигиеналык стандарттардын талаптарына жооп берген жаңы таңгактоочу материалдарга таңгакталууга тийиш. Продукциянын таңгагы булгануунун алдын алуу талаптарына жооп берет.
Ички жана тышкы таңгакта кытай жана англис тилдеринде ишенимдүү, так жана түшүнүктүү маркалоо болушу керек, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: товардын аталышы жана илимий аталышы, техникалык мүнөздөмөлөрү, өндүрүш датасы, партиянын номери, жарактуулук мөөнөтү жана сактоо шарттары, өндүрүш ыкмасы (өстүрүлгөн), өндүрүш участогу, өндүрүүгө же кайра иштетүүгө катышкан ар бир ишкананын аталышы, каттоо номери жана дареги (штатка, провинцияга же шаарга мүнөздүү), ал эми бара турган жери КЭР деп көрсөтүлүшү керек.
КЭРге экспорттоо үчүн арналган аквакультуранын таңгакталган продукциясынын этикеткасы КЭРге экспорттолуучу таңгакталган тамак-аш продукттарын маркалоого карата талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
8-берене.
Кыргыз Республикасынан КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясынын ар бир контейнерине же партиясына продукция Кыргыз Республикасынын жана КЭРдин тамак-аш продукттарынын коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарына жана ченемдик актыларына, ошондой эле ушул Протоколдун тиешелүү талаптарына ылайык келерин ырастаган ветеринардык сертификаттын жок дегенде бир түп нускасы тиркелүүгө тийиш. Ветеринардык сертификатка байланыштуу Министрлик өстүрүүнүн, кайра иштетүүнүн, таңгактоонун, сактоонун, ташуунун, которуштуруп жүктөөнүн жана экспорттоонун бардык процесстерине катышкан ишканалар, анын ичинде ферманын, кайра иштетүүчү заводдун жана көз карандысыз муздаткыч сактагычынын аталышы жана каттоо номери жөнүндө маалыматтарды толтурушу керек жана жогоруда аталган процесстердин кайсынысына болбосун катышкан ишканалар жөнүндө эч кандай маалымат калтырбашы керек.
Ветеринардык сертификат жок дегенде кытай жана англис тилдеринде басылышы керек (ветеринардык сертификатты толтурууда англис тили милдеттүү тил болуп саналат). Ветеринардык сертификаттардын форматы жана мазмуну эки Тарап тарабынан алдын ала аныкталат.
Каттоо максатында Министрлик БББга ветеринардык сертификаттын үлгүлөрүн, расмий мөөрүн жана расмий инспектордун кол тамгасын бериши керек. Кандайдыр бир өзгөртүүлөр жана оңдоолор киргизилген учурда, Министрлик БББга өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин кеминде бир ай мурда кабарлоого тийиш.
9-берене.
Төмөнкү учурларда:
(i) КЭРге импорттолуучу жаныбарлар үчүн карантиндик оорулардын тизмесинде көрсөтүлгөн суу жаныбарларынын оорулары жана ушул Протоколдун колдонулушуна туура келген продукттар менен байланышкан жаныбарлардын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кабарланууга тийиш болгон оорулар, эгерде КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясына жуккан же жугуусу мүмкүн болгон оору Кыргыз Республикасында болсо.
(ii) Кыргыз Республикасында КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясына таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон азык-түлүк коопсуздугу боюнча ар кандай ири инцидент болуп калса.
(iii) Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу аквакультура продукциясы Кыргыз Республикасынын жана КЭРдин мыйзамдарын жана ченемдик актыларын, ошондой эле ушул Протоколдун жоболорун олуттуу бузса.
(iv) Ишканада коомдук саламаттык сактоо жаатында олуттуу окуя болуп жатса, мисалы, кызматкер КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясына, ошондой эле анын таңгакталышына жана ташылышына таасир эткен же таасир этиши мүмкүн болгон олуттуу жугуштуу оорулар менен ооруп калса.
(v) Айыл чарба аймагы КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясын булгаган же булгашы мүмкүн болгон радиоактивдүү булгануу сыяктуу булгоочу заттарга дуушар болсо.
Министрлик тиешелүү фермаларда, ишканаларда, региондордо, ал тургай бүтүндөй өлкөдө өндүрүлгөн аквакультура продукциясын экспорттоону тез арада токтотушу, проблемалары же потенциалдуу тобокелдиктери бар продукцияны кайра чакыртып алышы, окуяны иликтөө, утилдештирүү жана андан аркы контролдоо чаралары жөнүндө БББга маалымат бериши керек.
Тиешелүү тобокелдиктер жоюлгандан кийин суроо-талап боюнча Министрлик менен БББнын ортосунда экспортту кайра баштоо жөнүндө эл аралык практикага ылайык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек. БББ жогоруда көрсөтүлгөн тобокелдиктер четтетилгенин же контролдонуучу деңгээлге чейин азайтылганын ырастагандан кийин гана продукция КЭРге кайрадан экспорттолушу мүмкүн.
10-берене.
КЭР бажысы импорттолуучу аквакультура продукциясына текшерүү жана карантин жүргүзөт.
Квалификацияланбаган продукцияга карата чаралар көрүлүшү мүмкүн, анын ичинде кытайдын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык бракка чыгаруу, жок кылуу жана башка чаралар. Продукциясынан олуттуу же кайталанма көйгөйлөр табылган кайра иштетүүчү ишканалар күчөтүлгөн текшерүүгө жана карантинге алынат же КЭРге жеткирүү токтотулат.
Эки Тарап тең маалымат жөнүндө кабарлоонун натыйжалуу механизмин түзүүгө, болгон проблемаларды иликтөөдө жана чечүүдө кызматташууга, тийиштүү түзөтүү жана алдын алуу чараларын өз убагында көрүүгө жана КЭРге экспорттолуучу аквакультура продукциясы КЭРдин талаптарына туруктуу шайкеш келишин камсыз кылууга милдеттүү.
11-берене.
Министрлик анын аквакультура продукциясынын коопсуздугун башкаруу системасы ар убак эффективдүү жана дайыма кытай мыйзамдарынын, ченемдик актыларынын жана стандарттарынын талаптарына жооп берет деп кепилдик берет.
Зарыл болгон учурда БББ жеринде аудит жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын системаларынын же программаларынын шайкештигин баалоо жана верификациялоо үчүн эксперттерди Кыргыз Республикасына жөнөтө алат. Кыргыз Республикасы эксперттерге зарыл болгон жардамды жана ыңгайлуулуктарды берүүгө тийиш.
12-берене.
Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жыл бою күчүндө болот жана ага Тараптардын өз ара макулдугу боюнча оңдоолор киргизилиши мүмкүн, алардын мазмуну ушул Протоколдун бөлүгү болушу мүмкүн. Бул Протоколдун жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде алты ай калганда, эгерде Тараптардын бири дагы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү же анын күчүн токтотуу ниети жөнүндө башкага билдирбесе, бул Протоколдун күчү автоматтык түрдө беш жылдык мөөнөткө узартылат; жана эгерде бир Тарап экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү менен бул Протоколду буза алса, бул Протокол экинчи Тарап жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып алты айдан кийин күчүн жоготот.
13-берене.
Бул Протоколго ________________ 2024-жылдын "___" ______________ эки нускада, ар бири кыргыз, орус, кытай жана англис тилдеринде кол коюлган. Чечмелөөдө айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
| Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы |