Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 193
Сүлүктү шаарынын 2025-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорлордун өздүк салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө
Сүлүктү шаарынын 2025-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүлүктү шаарынын 2025-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган төмөнкү долбоорлорунун өздүк салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн 2025-жылдын бюджетине киргизилсин;
1. Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эски терапия бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун өздүк салымы 1 500 000 сом. (25%)
2. М.Т. .Ибрагимов атындагы № 3 орто мектебинин айнек терезелерин алмаштыруу долбоорунун өздүк салымы– 1 500 000 сом. (25%)
3. В.И.Ленин атындагы № 1 орто мектебинин айнек терезелерин алмаштыруу долбоорунун өздүк салымы 1 500 000 сом. (25%)
4. Бакыбек көчөсүн капиталдык ремонтон өткөрүү, асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы – 1 500 000 сом. (25%)
5. Сүлүктү шаарындагы эс алуу багын реконструкциялоо долбоорунун өздүк салымы – 1 500 000 сом. (25%)
6. Сүлүктү шаарынын мэриясынын имаратынын сырткы фасадын ондоо долбоорунун өздүк салымы – 1 500 000 сом. (25%)
7. Кошбулак поселкасындагы Деканов, Т.Марипов көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы – 1 000 000 сом. (20%)
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |