Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 194

 Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов көчөсүндөгү “Келечек” балдар бакчасынан тартып  М.Т. Ибрагимов атындагы №3 орто мектебине чейинки тротуарды толук бүтүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен   1 576 384 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 13.08.2024ж. 01-7/2152 чыгыш сандагы                          Т. Ибрагимов көчөсүндөгү “Келечек” балдар бакчасынан тартып                               М.Т. Ибрагимов атындагы №3 орто мектебине чейинки тротуарды толук бүтүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен   1 576 384 сом акча каражатын бөлүү боюнча каты жөнүндө Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Сүлүктү шаарынын Т. Ибрагимов көчөсүндөгү “Келечек” балдар бакчасынан тартып М.Т. Ибрагимов атындагы №3 орто мектебине чейинки тротуарды толук бүтүрүү үчүн мэриянын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинен   1 576 384 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин 

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага

М.А.Кутбидинов