Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы
2024-жылдын 29-августу № 195
А. Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинин базасындагы ачылган бала бакчанын чатырын жабуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 518 931 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө
Сүлүктү шаарынын мэриясынын 14.08.2024ж. 01-12/2165 чыгыш сандагы А. Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинин базасындагы бала бакчанын чатырын жабуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 518 931 сом акча каражатын бөлүү боюнча каты жөнүндө Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.А. Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинин базасындагы ачылган бала бакчанын чатырын жабуу үчүн Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинен 518 931 сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин
1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.А.Кутбидинов |